Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын маселеси

Билим-маданият , Коом | 14 Дек 2021 | 2409 | 0

Мектепке барууга шарты жок балдарга өкмөт жардам берет. Мындай жарлыкка кечээ президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эки жуманын ичинде окууга баралбай калган балдардын эсебин алып, аларды өкмөт керектүү каражаттар менен камсыздайт. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте үймө-үй кыдырып, жашоо-шарты оор үй-бүлөлөрдү аныкташа турганын айтты. Мындай балдарды тактоого эки жума сарпталат.

«Биринчи иретте балдарды мектепке жөнөтүү үчүн керектүү каражаттар каралып чыгат. Андан кийин министрдин буйругунун негизинде канча акча талап кылынары эсептелет. Жергиликтүү, райондук, шаардык башкармалыктар менен биргеликте шарты оор балдарга жана анын үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтүү планы түзүлөт». 

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдулдаева быйылкы окуу жылынын башында 2 миң 500 бала окууга баралбай калганын билдирип, анын себептери катары буларды санап өттү:

«Сабакты калтырган бала же ооруп калган болот; же жакыр үй-бүлөнүн баласы болот; медреседен окуп, мектепти таштап койгондор да бар; ата-энесине жардам берүүнү максат кылып, окубай калгандар да кездешет; миграциянын таасири да болушу мүмкүн; пандемия шартында онлайн окуу мүмкүнчүлүгү жок сабак калтыргандары да болду; ата-энеси баңгизатка же ичкиликке берилип кеткен балдар да окубай калып жатат. 

Ошол эле учурда мектепке баруу убактысы өтүп кеткен балдар да кездешүүдө. Эми президенттин жарлыгы боюнча айтсам, анын максаты: сабактан калган балдарды көзөмөлдөө. Эгерде бала үч күн сабакка келбесе, класс жетекчи менен байланышуусу керек. Он күндөн ашып кетсе, класс жетекчиси укук коргоо органдары жана соцпедагогдор менен биргеликте иш жүргүзүшү зарыл. Эң башкысы, ата-эненин жоопкерчилиги болуп саналат».

Наргиза Сыдыкова Ош шаарындагы орто мектептердин биринде соцпедагог болуп иштейт. Айтымында, баланын мектепке катышуусу начарлап, келбей калган учур болсо, демек, ата-эне же мектеп тараптан толук кандуу көңүл буруу, көзөмөл болбой калганынын белгиси.

«Бир нече себептери бар: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары; ата-энесине жардам берүү максатында ар кандай жумуштарды иштөөсү. Акыркы эки жылдагы пандемия балдардын билим сапатына, кызыгуусуна терс таасирин тийгизди десем болот. Негизи, пандемияга чейин деле жогорку класстагы окуучулардын арасында сабактарга пассивдүү катышкандары, үй тапшырма аткарбагандары болуп келген. Азыр башталгыч класстын окуучуларынын арасында да мындай көрүнүш кайталанууда. Ал эми президент Садыр Жапаровдун жарлыгы канчалык алгылыктуу иш алып барары азырынча белгисиз, аны убакыт көрсөтөт». 

Балдардын мектепке кызыгуусунун жоголушунун дагы бир себеби катары мамлекеттик мектептердин жетишсиздиги экени белгиленип келет. Мындан улам айрым мектептер үч нөөмөткө бөлүп окутууга аргасыз болушат. Маселен, жалпы өлкө боюнча үч нөөмөттө иштеген 151 мектеп болсо, анын 90у Бишкек шаарына таандык. Бул кемтикти толуктоо үчүн дагы 670ке жакын мектеп салынуусу керектиги KG Analytics интеллектуалдык фондунун иликтөөсүндө айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги берген статистикага таянып айтсак, үй-бүлөсү оор шартта жашаган 4 миң 553 мектеп жашындагы бала бар. Алардын көпчүлүгү шаар жеринде турушат.

Copyright © 2017 Maral FM