Connect with us

Кеминде 161 гектар жерге күн панелдери орнотулат

Кыска кабар | 4 Янв 2025 | 123 | 0

Кемин районунда 161 гектар жерге күн панелдери орнотулат. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, панелдер 100 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрөт. Аларды «Этернал Энергия» компаниясы орнотот.

Юстиция министрлигинин сайтында бул компания чет элдик катышуусу бар жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) экени көрсөтүлгөн. Компания 2024-жылдын 12-августунда кайра каттоодон өткөн. Директору Ма Вэньцзюнь деп көрсөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM