Биз менен байланышыңыз

Депутат: Мугалимдерге стимул боло турган мыйзам долбоору жазылууда

Күн чабыт , Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 11023 | 0

Жогорку Кеңеш билим берүү тармагын колдоо максатында жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу эл өкүлү Абдывахап Нурбаев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ал мыйзам долбоору боюнча окууну жаңы бүткөндөр аймактарга барып 10 жыл иштесе, мамлекет 1 млн сомдун тегерегиндеги суммага сертификат берет, ал сертификат менен алар Кыргызстандын каалаган жеринен үй сатып ала алат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда эл аралык же республикалык олимпиадаларда 1-2-3-орунду алган окуучулардын мугалимдерине өкмөт тараптан сыйлык катары 3 маяна берүү каралган.

«Мыйзам долбоорго Өкмөт, Билим берүү министрлиги кандай корутунду берет, азырынча белгисиз. 1-2 күндө сайтка чыгарабыз. Эгер бул мыйзам долбоору өтүп кетсе, мугалимдерге кичине болсо да стимул болмок», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM