Биз менен байланышыңыз

Министр: Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 6936 | 3

Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Маяна 3-5 эсе көтөрүлүп кетет дегенден алысмын. Жакшы мугалимдерди алып калууга жергиликтүү бийлик көбүрөөк көңүл бурушу керек. Жакын арада жакшы мугалимдерди тартуу үчүн талаш башталат. Учурда мыкты кадрларды алып калуу жагы оор. Бул багытта ЖОЖдордо тажрыйба бар: айрым университеттер мыкты мугалимдер үчүн айлыкты көбөйтүп беришкен. Мындай аракеттер жалпы мамлекеттик деңгээлде жүрбөй жатканы кейиштүү», — деди министр.

Ал өлкөдө мугалимдердин айлык акысы төмөн экенин белгилеп өттү.

3 пикир

3 пикир

  1. Ильяз

    05.05.2021 23:17

    Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт деп көтөрүп эле жатасыңар, бирок жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин айлык акысы жан кейитээрлик. Эртеден кечке чейин жумушта жүрөбүз, алган акыбыз эч нерсеге жетпейт. Күнүмдүк тамак аш, жол киреден ашпайт. Туруктуу жашаган үй-жай жок, квартирада турабыз көпчүлүгүз. Балдарыбыз чоңоюп окуп баштаса кайдан каражат таап окутабыз? Алардын кийим-кечеси, окуу куралдары, кыскасы жарыбаган айлык эч нерсеге жетпейт. Университетте иштейм деген аты эле болбосо, айлыктын суммасын айткандан уяласын. Ошондуктан ЖОЖдордун айлыгын да жогорулатсанар жакшы болот эле.

  2. Sara

    06.05.2021 03:58

    Биздин билим беруу министр эмнеге иштен Кетти. Сопсонун иштеп жатпады беле?

  3. Pazylova

    06.05.2021 04:38

    Айлыкты которуп жумушту кобойтуп кайра эле баякы тешик тепши менен отурбасак болгону.Булардын 120сы кошулуп алмаштырылса деле байкуш карапайым калк эч кандай пайда корбойт,жумушу женилдебейт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM