Биз менен байланышыңыз

Министр: Сабактардын сааты кыскартылганы мугалимдердин маянасына таасир этпейт

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 17018 | 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуучулардын жылдык сабагынын 1020 сааттан 884 саатка кыскарышы боюнча комментарий берди.

Министрдин айтымында, окуу сааттарынын кыскарышы мугалимдердин маянасына таасир тийгизбейт. Алмазбек Бейшеналиев «Фейсбукта» аталган темага байланыштуу талкууга «Азыр мугалимдердин айлыгы өтүлгөн сааттарга карата эмес, оклад катары белгиленди. Мындан улам, сабактардын сааты кыскартылса, мугалимдердин айлыгы да кесилет деген туура эмес. Маалыматтарды тактап берүүңүздөрдү өтүнөбүз», — деп комментарий жазды.

Белгилей кетсек, президент катышкан жыйында билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев аталган тармакта жасала турган реформалар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандын мектептериндеги окуучулардын сабактарынын жылдык жүктөмү учурда 1020 саатты түзөт. Бул окуучу үчүн өтө оор жана физикалык, психикалык жактан басым болуп саналат. Министр белгилегендей, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 884 саатка кыскартылат.

Белгилей кетсек, апрелден тарта мугалимдердин, билим берүү кызматкерлеринин маянасы 80%га көтөрүлдү. Президент Садыр Жапаров муну бюджеттен эң көп акча учурда билим берүүгө бөлүнүп жатканы менен түшүндүрдү.

Президент: Мындан ары мугалимдерге талапты катуу коёбуз

Copyright © 2017 Maral FM