Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев Юрг Лаубер менен жолугушту

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 1185 | 0

Кечээ, 28-июнда Кыргызстандын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Женевадагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлчүлүгүнө барып, миссиянын башчысы Юрг Лаубер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгынын деңгээлин жана келерки жылы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгилей турганын канааттануу менен белгилешти.

Мындан тышкары көп тараптуу аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM