Биз менен байланышыңыз

Алмаз Бейшеналиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 3286 | 0

Алмаз Бейшеналиев Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы дайындалган министрди эмгек жамаатына тааныштырды. Анда Бейшеналиев билим берүү тармагын жакшы билерин айтып, бул тармакты реформалоо боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Эскерте кетсек, буга чейин Болотбек Купешевдин аталган кызматтан алынганы маалым болду.

Алмаз Бейшеналиев өткөн жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп турган. 2020-2021-жылдары Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM