Биз менен байланышыңыз

Женевада «Кумтөр» боюнча канадалыктар менен биринчи сүйлөшүү аяктады

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 727 | 0

Кечээ, 30-сентябрда кыргыз делегациясынын Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен юристтердин коштоосундагы үч күндүк сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу Kaktus.media өз булактарына таянуу менен жазды.

Кыргыз тараптан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Жапаров жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты. Делегациянын курамында «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк да болгон.

Centerra Gold Inc. компаниясы тарабынан анын президенти, Centerra Gold Inc. компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Перри жана компаниянын башка жогорку жетекчилери катышышкан.

Маалыматта айтылгандай, эки тарап тең сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасынын жыйынтыгына канааттанышкан. Бирок кандай жыйынтыкка жетишилгендиги боюнча маалымат жок.

Эске салсак, бул май айында кыргыз өкмөтү «Кумтөр» кенин тышкы башкарууга бергенден кийинки эки тараптын ортосундагы биринчи сүйлөшүү болуп саналат.

Бүгүн Камчыбек Ташиев «Кумтөр» маселеси боюнча Женевага барат

Copyright © 2017 Maral FM