Биз менен байланышыңыз

Депутат Осмонов Тенгиз Бөлтүрүктүн парламентке келүүсүн талап кылды

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 723 | 0

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында депутат Айбек Осмонов «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү парламентке келүүсүн талап кылды.

Анын айтымында, өлкөдө учурда эң негизи маселе «Кумтөр» болуп жатат.

Эске салсак, буга чейин депутат Наталья Никитенко “Кумтөргө” байланыштуу  “компанияны ким текшерип жатат жана алтындар кайда кетип жатат?” деген суроо койгон.

Ошондой эле Никитенко “Кумтөрдүн” учурдагы жетекчилиги дайындалгандан бери компаниянын иши тууралуу отчет бериши керектигин айткан.

Кошумчалай кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кени сырткы башкарууга берилгенден бери бир грамм алтын сыртка чыкпагандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM