Биз менен байланышыңыз

Теңгиз Бөлтүрүк Билим берүү министрлигинин медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 2583 | 0

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Билим берүү жана илим министрлигинин кызматташууга кошкон салымы үчүн медаль менен сыйланды. Бул тууралуу Бөлтүрүк өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

«Бардыгыбыз Кыргызстаныбызды өнүккөн жана өркүндөгөн өлкөгө айланткыбыз келет. Мунун жолу — сапаттуу жана заманбап билим берүүдө, колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүдө. Ошондуктан, биз «Кумтөр» бул маанилүү ишке салмактуу салым кошо алат жана салым кошушу керек деп эсептейбиз. Биздин койгон максатыбыз бул- улуттук билим берүү жана илимди өнүктүрүү максатында келечектүү багыттарды аныктоо үчүн Кыргызстандын интеллектуалдык потенциалын, биздин чет элде жашаган мекендештерибизди жана ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдү бириктирүү» , — деп жазган Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал жакынкы арада өлкө президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү боюнча коомдук фонд түзүү пландаштырылып жатканын айткан.

Эске салсак, Илим күнүнө карата Кыргызстандагы илимдин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоздорго жана коомдук ишмерлерге Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM