Биз менен байланышыңыз

Бөлтүрүк Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 670 | 0

«Кумтөр голдго» тышкы башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев менен жолукту. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Алар бир катар маанилүү делген көйгөйлөрдү, анын ичинде Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызматташуу тууралуу маселени талкуулашты.

«Фонддун каражаттарын көзөмөлдөө жана ачык-айкын бөлүштүрүү маселесин көтөрдүм. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санын беш адамга чейин кыскартуу зарыл деп эсептейм, анын курамына «Кумтөр Голд Компанинин» өкүлдөрү кириши керек. Экинчи маанилүү нерсе, финансы менеджерибиз кирген текшерүү комиссиясын түзүү. Каражаттар азыркыдай болуп, жылына бир жолу эмес, ай сайын текшерилип турушу керек», — деген Бөлтүрүк.

Мындан сырткары Бөлтүрүк фонддун каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, каржылоонун жаңы эрежелерин, принциптерин киргизүү, аймактын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына көңүл буруу маанилүү экенин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM