Биз менен байланышыңыз

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөргө» тышкы башкаруучу болду

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 1209 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөр» кенинин жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.

«Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу», — деди Марипов.

Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM