Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Кумтөр» алтын кенинин иши менен таанышты (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 1067 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда «Кумтөр» алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде «Кумтөр Голд Компани» 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 млн доллар өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык өз убагында жана толук төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшө турган бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берилди.

Copyright © 2017 Maral FM