Биз менен байланышыңыз

Тамчыга 92 гектар жерге гольф-курорт курулат

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 705 | 0

Ысык-Көл облусунун Тамчы айыл аймагына гольф-курортун куруу пландалууда. Ага байланышуу Министрлер кабинети токтом кабыл алды.

Министрлер кабинети токтом кылат:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айыл аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган 92,25 гектар жер (77,4 гектар — жайыт, 0,25 гектар — жолдор, 1,8 гектар — суу астында, 12,80 гектар — башка жерлер) гольф-курортту долбоорлоо жана куруу үчүн «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

— жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

— ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

— айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын Кыргызстандын жер мыйзамдарына ылайык төлөөнү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM