Биз менен байланышыңыз

Ысык- Көл облустук медиа борбору кайра түзүлөт

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 749 | 0

Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмунун базасында Ысык-Көл облустук «Ысык-Көл кабарлары» жана «Вести Иссык-Куля» гезит редакцияларын, «Ысык-Көл баяны» райондук гезит редакциясын бириктирүү жолу менен Ысык-Көл облустук медиа борбору кайра уюштурулду. Буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Учурда, Ысык-Көл облустук медиа борборун мыйзамга ылайык Юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү, Ысык-Көл облустук медиа борборунун штаттык ырааттамасын бекитүү иш-аракеттери башталат.

Түзүлгөн медиаборбордо мындан ары телекөрсөтүү, газета, маалыматтык сайт, басма сөз борбору жана онлайн көрсөтүү иштеп, облустун бардык райондорунда экиден атайын кабарчылар иштеп, жеринен медиа борборго маалымат жөнөтүп турат.

Бул аракеттер заманбап маалымат берүү ыкмаларын пайдалануу менен, аймактагы маалыматтарды ыкчам чыгаруу, мазмунду жакшыртуу, социалдык жана интернет тармактарда онлайн режимин кеңейтүүгө багытталган.

Бул иш-аракеттерди алдыга жылдыруу үчүн жаңы түзүлгөн медиа борборлордун тиешелүү кызматкерлерине Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан атайын окутуулар

 

 

 

 

 

өткөрүлүп, кызматкерлерге шарт түзүп берүү аракеттери жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM