Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти (делегациянын курамы)

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 815 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда Түркияга Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти.

Сапар алкагында Мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Мындан сырткары, саммит аянтчасында президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында:

— Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Copyright © 2017 Maral FM