Биз менен байланышыңыз

Жапаров Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн ачылышына катышты

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 465 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концертке барды.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Гала-концерт алкагында эки өлкөнүн маданият чеберлери өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Алардын ичинде СССРдин эл артисти Алибек Днишев, Казакстандын эл артисти жана Казакстандын эмгектин баатыры Роза Рымбаева, Казакстандын эл артисттери Алтынбек Корозбаев, Макпал Жунусова жана Нуржамал Усенбаевалар бар.

Абай атындагы казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театры, Казакстандын Курмангазы атындагы казак улуттук эл аспаптары оркестри, «Астана балет» театры, домбрачылар ансамбли, «Арлан» улуттук салттар театры, «Туран» фолклордук-этнографиялык ансамбли, «МузАрт» эстрадалык тобу жана ошондой эле Казакстандын башка көрүнүктүү маданият ишмерлери да өнөрлөрүн тартуулады.

Copyright © 2017 Maral FM