Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Чек ара жолдорунун жабылышы азык-түлүк тартыштыгын жаратпайт

Кыска кабар | 7 Янв 2022 | 695 | 0

Казакстандын айрым өткөрмө пункттарынын жабылышынан улам тамак-аш коопсуздугу боюнча тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, социалдык маанилүү азык-түлүктөр, күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы жетиштүү.

— Жарандарды белгиленген азык-түлүктөрдүн мүмкүн болгон тартыштыгынан же баалардын кескин көтөрүлүшүнөн чочулабоого чакырабыз. Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелери эки тараптан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги айрым өткөрүү пункттарынын ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын толук турукташуусу соода-экономикалык байланыштарды толук кандуу жөнгө салынышына негиз болот, — деди Султанбаев.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Кең-Булун авто жол» жана «Токмок-авто жол» өткөрүү жайларынан жарандарды жана транспортторду өткөрүүнү 7-январдан тарта убактылуу токтотту. Мындай чечим Казакстандын Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей жаткандыгына байланыштуу коңшу өлкөнүн демилгеси менен кабыл алынган. Чүй облусунда «Ак-Тилек-авто жол», «Ак-Жол-авто жол», «Чалдыбар-авто жол» өткөрүү жайлары, Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» жана Ысык-Көл облусунда «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM