Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата КМШ жаштары концерт берет

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 408 | 0

30-31-августта КМШ жаштарынын симфониялык оркестринин эгемендиктин 30 жылдыгына арналган концерти Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташуу фонду тарабынан уюштурулуп жаткан концертте дүйнөлүк классик музыканттардын, ата мекендик музыканттардын чыгармалары аткарылат.

Бул иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүү максатын көздөйт.

Белгилей кетсек, КМШ жаштарынын симфониялык оркестри Гуманитардык Кызматташтык Кеңеши жана КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан түзүлгөн. Оркестрдик топтун курамында КМШ жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттары, абройлуу шоулардын жана сынактардын жеңүүчүлөрү бар.

Copyright © 2017 Maral FM