Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык тенор ырчыларынын сынагы өтөт

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 591 | 0

2020 –жылы Кыргызстанда алгачкы жолу СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев атындагы тенор ырчыларынын сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында белгилүү болду.

Сынактын негизги уюштуруучулары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Токтоналы Сейталиев” атындагы коомдук фонду болуп саналат. Учурда сынактын жобосу иштелип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча сынак 2020- жылы күз айларында өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө министр Азамат Жаманкулов Кыргызстанда өтө турган тенор ырчыларынын сынагынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Сынактын негизги максаты жаш жана таланттуу опера ырчыларын колдоо, аларды алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүү, Кыргыз классикалык опера аткаруучулардын деңгээлин көтөрүү жана коомчулуктун көңүлүн театралдык- музыка искусствосуна буруу болуп эсептелет. Ушундай жол менен, биз сынакка катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүп, жаш таланттарды сахнага алып чыгууга көмөк көргөзөбүз”, — деди Азамат Жаманкулов.

Токтоналы Сейталиев кыргыз элинин опера ырчысы. Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Казак мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору жана Кыргыз ССРнин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM