Биз менен байланышыңыз

Урмат Усенов шайлоого катышат

Коом , Кыска кабар , Саясат | 19 Авг 2020 | 2201 | 0

Ырчы Урмат Усенов «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен парламенттик шайлоого барат. Ал бул маалыматты «Марал» радиосуна тастыктады. Аталган партия бүгүн съездин өткөрүп жатат.

Ырчынын айтымында, бүгүн кечке талапкерлердин тизмеси бекитилип, Боршайкомго тапшырылган соң коомчулукка жарыяланат.

Азырынча тизме так айтыла элек. Буйруса, съезд бүткөндөн кийин айтылат, — дейт Урмат Усенов.

Усенов буга чейин маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп эмгектенип келген.

Буга чейин аталган мекемеден министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков да шайлоого барары белгилүү болгон. Ал «Ыйман нуру» партиясына лидерлик кылып шайлоодо ат салышат.

Нуржигит Кадырбеков «Ыйман нуру» партиясынын лидери болду

Copyright © 2017 Maral FM