Биз менен байланышыңыз

Нуржигит Кадырбеков «Ыйман нуру» партиясынын лидери болду

Бүгүн, 19-августта «Ыйман нуру» партиясы да кезексиз курултайын өткөрүп жатат. Съезддин жүрүшүнөн Фейсбук соцалдык тармагына журналист Улукбек Карыбек уулу кыска видео жарыялады. Анда маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп жатканын көрүүгө болот.

— «Ыйман нурунун» башка партиялардан бир өзгөчөлүгү бар: көптөгөн партиялар «биз аны кылабыз, биз муну кылабыз»деп убадаларды берип барат.  А биз кылып коюп, куруп коюп баратабыз, — дейт Нуржигит Кадырбеков.

Редакция Кадырбековдун өзү менен байланыша алган жок. Бирок партия мүчөсү, журналист Улукбек Карыбек уулунун «Маралга» билдиришине караганда, Нуржигит Кадырбеков «Ыйман нуру» партиясынын лидери болду. Ал эми анын кызматтан кетүү тууралуу арызын жаза электигин өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кадырбеков буга чейин журналисттерге берген маектеринде көптөгөн партиялардан сунуш түшүп жатканын айткан эле.

"Ыйман Нуру" саясий партиясы кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн саясий майданга аттанды.

Опубликовано Улукбеком Карыбек Уулу Вторник, 18 августа 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM