Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктады

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 2023 | 0

Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринде добуш берүү аяктады. Шайлоо эртең мененки саат 08.00дө башталган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Кыргызстанда жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Акыркы болуп АКШнын борбору Вашингтондогу тилке ачылды.

Буга чейин кечки саат 18:00гө карата Түштүк Сахалин, Владивосток, Түштүк Корея, Гуанчжоу, Малазия, Пекин жана Иркутсктагы шайлоо тилкелери жабылганы айтылган.

Өлкөдө 448 жергиликтүү кеңешке: анын ичинде 420 айылдык кеңешке жана 28 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өттү.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум болуп өттү. Ага жалпы шайлоочулардын 30%дан ашыгы катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышты, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышты.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

Copyright © 2017 Maral FM