Биз менен байланышыңыз

Президент: Шайлоодон кийин экономиканы өнүктүрүүгө басым жасалат

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 619 | 0

Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниет добуш берүүсү маанилүү. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров, бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын ТЭЦ – 2 аймагындагы конуштун тургундары менен баарлашуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо келечектеги беш жылга болгон акыркы саясий процесс экенине көңүл бурду. Бул шайлоолорду өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

Садыр Жапаров элди, анын ичинде аталган конуштун жашоочуларын дагы бир жолу шайлоолордо ак ниет, жигердүү болуп, өз добуштарын сатпоого чакырды.

Президент шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салды. Жазык кодексинде тийиштүү берене бар жана ага ылайык эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

Анын айтымында, тажырыйба көрсөткөндөй, ушундай ыкма гана бул сыяктуу мыйзам бузууларды токтото алат. Антпесе, көпчүлүк акчага азгырылып, добуштарды сатып алууга же сатууга барышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM