Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Малик Аликеевдин операциясына жардам берип, сыйлыкка сунуштайбыз

Кыска кабар | 2 Июн 2020 | 1662 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги белгилүү ырчы Малик Аликеевдин операциясына жардам көрсөтөт. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

− Малик Аликеев агабызды жакындан көрүп келүүнү кааладым эле, бирок Таласта болгондугуна байланыштуу видео байланыш менен чыгууга туура келди. Көпкө сүйлөштүк, акыбалын, чыгармачылыгын талкууладык. Министрлик тараптан колдоо болорун (операциясына) жана бул жылы 31-августка карата сыйлыкка көрсөтөрүбүздү билдирдим, — деп жазган министр.

Эскерте кетсек, буга чейин Малик Аликеев Таластагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканы, учурда баса албай калганы тууралуу маалымат чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM