Биз менен байланышыңыз

«Меймандостук сапатыбызды тейлөөдө колдонушубуз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 837 | 0

Кыргыз эле меймандостук касиетин тейлөө кызматына айландыра элек. Туризмди өнүктүрүү үчүн бул сапатты колдонуу зарыл. Анткени учурда туристтерди табигый мамиле кызыктырат. Бул тууралуу мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кыргызстандын сыртка чыгып жаткан ар бир жараны — өлкөнүн элчиси. Ар бири Кыргыз Республикасын тааныштырат да, жок дегенде 10-15 адамга маалымат берет. Кыргызстан тууралуу жакшы маалымат берген ар бир атуул өлкөнүн экономикасына, туризмине салым кошот. Бул нерсени тарбиялык негизде баарына үйрөтүшүбүз кажет», — дейт Жаманкулов.

Ал белгилегендей, жарандардын туристтерге жасаган мамилеси туризмде маанилүү фактор. Анткени туристтердин 80%ы кыдырган мамлекети жөнүндө чакан болсо да билдирүү жазат. Туристтерге болгон мамиле инвестициянын агымына да таасир берет.

Туризм экономиканы өнүктүрүүгө негиз болгон 4 багыттын (айыл чарба, өндүрүш, IT жана туризм) бири.

Copyright © 2017 Maral FM