Биз менен байланышыңыз

Китептерди басып чыгарууга кандай сунуштар түштү?

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине китептерди басып чыгарууга сунуштарды берүү боюнча жүз элүүдөн ашык кайрылуу келип түштү. Алар маданият өкүлдөрү, акын, жазуучулар, социалдык тармактын колдонуучулары, жеке жарандар, коомдук фонддор, китепканачылар тарабынан сунушталган. Анда окуучулардын предметтик китептерин, дүйнөлүк классикаларды, кыргыз тилине которулуп бирок чыкпай калган чыгармаларды, эпос, романдарды басып чыгуу демилгеленген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

— Китеп басуу боюнча сунуштар 3 багытка бөлүнгөн. Алар − кыргыз авторлорунун эмгектери, дүйнөлүк классикалык чыгармалар жана учурда трендге айланган, белгилүү китептер. Мукай Элебаевдин, Эрнест Хемингуэйдин чыгармаларын, «Жолборс терисин жамынган баатыр» поэмасын, «Каныбек» романын, ыр жыйнактарын чыгарып берсеңиздер деген сунуштар болду. Табият таануу, медицина, технология, айыл чарба, философия, эстетика, этика багытындагы китептерди айткандар да бар. Которулбаган китептер да сунушталды. Алдыда басылып чыкчу китептердин онлайн форматын жарыялоо маселеси каралат.

Бүгүн атайын комиссия сунуштарды карап чыгып, китептер тандалат. Анын курамында Мамлекеттик кыргыз китеп палатасынын жетекчиси Койчуман  Момункулов, «Кыргыз китеп» ишканасынын директору Талан Ормушев, басма үйлөрдүн жетекчилери, китеп дүкөндөрүнүн негиздөөчүлөрү, жарандык активисттер, китеп боюнча долбоорлордун үстүндө иш алып баргандар бар.

Китеп тандоодо биринчи кезекте окурмандардын табити эске алынат. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди.

— Сунуштарды берүүдө коомчулук активдүү катышты, жакшы пикирлер келип түштү. Элибизде китеп окууга кайдыгерлик жок экен. Тандалып алынган китептерди басууда басмаканалар ортосунда тендер жарыяланат. Тендерди да адилеттүү өткөрүү керек, маселе мына ушунда. Мурда китеп чыгарууга басым жасалса, азыр которуу жагын да карап көрөлү деп жатабыз. Жакшы котормочу табышыбыз керек. Даяр китептер ушул жылы басылып чыгат. Ал эми котормолор 1-2 жыл убакытты алышы мүмкүн. Пандемия убагында трагедия эмес, адамдын көңүлүн көтөргөн китептерди көп окуйлу. Анткени кыйын учур болуп, жакындарыбыздан ажырадык. Бул да — сыноо. Ошондуктан адамга шык, үмүт бере турган чыгармаларды окусак… Комиссия кеңешебиз. 

Министрлик абдан жакшы ишти баштады. Китеп жаатында иш алып баргандардын комиссиянын курамына кирүүсү — эң туура чечим. Бул — китеп жаатында чоң реформага алып келет. Анткени бул каражат маселесинде да, тандоо ишинде да ачык-айкындуулукту камсыз кылат. Натыйжада элдин табитин эске алуу менен сапаттуу китептер тандалат. Буга чейин китеп басып чыгарууда сурамжылоо жүргүзүлбөстөн, жаштардын ою эске алынбай келген. Алсак, ири суммадагы каражатка маданият, искуствого байланыштуу 2-3 түрдөгү китептер басылган учурлар болгон. Мындай пикирин «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жетекчиси Бакай Акылбеков билдирди.

— Комиссиянын курамына мени да кошушуптур. Биз чет элдик адабиятты сунуштайлы деп жатабыз. Эл аралык деңгээлде ой жүгүртүү үчүн дүйнөдө актуалдуу болуп жаткан китептердин эң мыктыларын тандап, сунуштайбыз. Ал үчүн чет өлкөдө билим алган студенттердин пикирин да эсепке алууну пландап жатабыз. Тендер ачык-айкын өтсө. Учурда жаштар чет элдик котормолорду, шык берген, бизнес жаатындагы китептерди көп окуй башташты. Пайдалуу китептерди иргеп алсак деген ой бар. Басылып чыккан китептер китепканаларга акысыз берилет. Ал эми жөнөкөй жарандар үчүн орточо баа коюу зарыл. Анткени «бекердин тузу татыбайт» болбошу керек. 

Маданият министри Азамат Жаманкулов 6-августта китептерди сунуштоо боюнча видео кайрылуу жасап, элден келген билдирүүлөр 10-августка чейин кабыл алынарын айткан.

«BUGUPRESS» маалымат агенттигинин директору Жаныбек Абидетегиндин пикиринде, министрлик жакшы демилге көтөрдү, сунуштарды берүү үчүн 4 күн тардык кылды. Анткени ойго келген китеп айтылбайт. Министрлик мындай иш-чаранын мөөнөтүн жок дегенде 1 айга узартып, мүмкүн болсо жыл бою сунуштарды кабыл алууга ачык болушу кажет. Ал эми комиссия 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылын утурлай, китептерди басууга тандап жатканда балдар адабиятына көбүрөөк көңүл бурушу абзел.

— Биздө көркөм адабияттар көп басылууда. Бирок андан сырткары башка жанрдагы, коомчулук сүйүп окуган, бирок китебин чыгара албай калгандарга колдоо көрсөтсө. Министрлик кичинекей болсо да жол-жобосун жазып койсо, ачык-айкындуулук камсыздалып, көп колдоого татымак. Бул сунуштоодо ойлонууга шарт түзмөк. Буга кошумча, министрлик автордук укукту сактоо маселесине жардам берсе…  

Нуржигит Кадырбеков сунуштарды кабыл алууга 4 күн жетиштүү экенин айтып, оюн төмөнкүдөй бышыктады.

— Кызыкдар адам керек болсо, бир күндө да сунушун берет. Бизде бир сыпат бар, бир ай мөөнөт берсең да, аягында же башында реакция кылып коюшат. Ортодо унутулуп калат. Ошондуктан мындай маселени тез чечиш керек. Анткени жылдын аягына аз калды. Китептерди тандап, токтомго өзгөртүү киргизип, тендер жарыялап, басып чыкканга чейин көп убакыт кетет. Мындан улам оперативдүү иштешке туура келди. Менимче, туура чечим болду. 

Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасында мамлекеттик тилдеги китептерди чыгаруу боюнча атайын пункттар каралган. Ага ылайык, 2020-жылга 16 млн сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM