Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттен тарыхый баалуулуктарга эч кандай көңүл буруу жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 652 | 0

Кыргызстандын тарыхый баалуулуктары башка мамлекеттерге караганда артта калды. Мындай пикирин мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тараптан тарыхый баалуулуктарга эч кандай көңүл буруу жок.

«Акыркы жылдары Бурана, Өзгөн мунараларын реставрация кылууга мүмкүнчүлүгүбүз болду. Тарыхый, маданий мурастарды сактоо ири каражаттарды талап кылуучу тармак. Бирок ар кандай саясий окуялар, өзгөрүү, алмашуулардан улам бул багыт артта калып, каралбай калды. Тарыхый шаарларды көпчүлүк билбейт», — деди Жаманкулов.

Ал мындан тышкары Алайдагы петрогливтердин бузулушу боюнча айтты.

«Алайга бардык. 4 миң метр бийиктикте жайгашкан петроглиф экен. Эки тоонун ортосундагы 5 участок көмүр казууга берилип кеткен. Бирөө ишти баштап, дөңсөөнү сүрдүрүп салган. Баалуу петроглифтердин баары сүрүлүп жатат. Жанында көл бар экен, ага карабай казылып жатат. Бул маселени чечтик. Ушул сыяктуу башка тарыхый жерлерибизде көйгөйлөр бар», — деди мурдагы министр.

Ал көмүргө салыштырмалуу петроглифтер баалуу экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM