Биз менен байланышыңыз

Музыканы бийик кылып уккандыгы үчүн жигитти сабап кетишкен

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 822 | 0

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында жигит музыканын үнүн катуу чыгарып уккандыгы үчүн ур-токмокко алынган. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мындан улам жигиттин жаагы сынып, тиштери талкаланып, көзү жаракат алып, мээси чайкалган. Жабыр тартуучу азыр оор абалда экени айтылууда.

15-октябрдан 16сына караган түнү саат 2де ал телефонунан музыка угуп жаткан. Ошол учурда топ балдар анын терезесин каккылап сыртка чакырышкан.

Алар  музыканын үнүн катуу чыгарып алып угуп жатканын айыпташып, ур-токмокко алышкан. Бул боюнча жабырлануучу милицияга кайрылган.

Учурда шектүү болгондордун өздүгү аныкталууда. Алардын экөө 26 жаштагы C.у.З. жана 25 жаштагы М.у.И. күнөөлөрүн моюнга алышты. Ал эми үчүнчү адамдын ким болгондугу такталууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM