Биз менен байланышыңыз

Кадамжай: Сур айылында 61 жаштагы аялды сабаган жаран кармалды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 1192 | 0

«Фейсбукта» Айдаркен шаарчасында тажиктер энени сабап салышканы боюнча кабар тарады. Бул маалыматты Баткен облусунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы төгүндөп, окуя туугандар арасында чыккан чыр деп расмий маалымат берди.

18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында Кадамжай районундагы Сур айылынын тургуну 30 жаштагы А.Ү. аттуу кыргыз жигит өзүнүн жеңеси, ошол эле айылдын тургуну 61 жаштагы М.Зны Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, «Деу-Матиз» унаасына салып, Айдаркен-Сох автоунаа жолу аркылуу кетип баратканда: «Апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма-суутма кылып, сен майып кылып койгонсуң», — деп сабаган.

Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен катталган.

Кылмышка шектелип жаткан А.Ү. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM