Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу талкууланды

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 478 | 0

Бүгүн, 25- майда Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Орусиянын Агартуу министри Сергей Кравцов менен онлайн баарлашты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын куруу, республиканын таланттуу жана зээндүү балдары үчүн «Артек» эл аралык балдар борборунда жайкы эс алууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Болотбек Купешев онлайн көрүшүү үчүн ыраазычылык билдирип, узак мөөнөттүү жана эффективдүү иштөө форматындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө үмүт артып жатканын айтты.

Баарлашуунун жыйынтыгында тараптар бардык маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгуу максатында ушул сыяктуу көрүшүүнү такай өткөрүп турууну макулдашышты.

Copyright © 2017 Maral FM