Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Хорватия IT-технология тармагында кызматташат

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 590 | 0

Бүгүн, 26-июнда Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабанович менен жолугушту.

Анда тараптар билим берүү жаатындагы эки жактуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Атап айтканда, Хорватиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программасы боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, ошондой эле окуучулар арасында спортту жайылтуу маселелери талкууланды.

Купешев Хорватия менен достук мамилелерди түзүүгө жана билим берүү жаатында кызматташтыкты жандандырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Хорватия элчиси студенттерди жана профессордук-окутуучулар курамын алмашуу боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгууга кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле медициналык багыт жана IT-технология боюнча биргелешкен факультетти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, эки өлкөнүн Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндөгү меморандумду түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө биргеликте күч жумшамай болушту.

Copyright © 2017 Maral FM