Биз менен байланышыңыз

Мурдагы Билим берүү министри, академик Аскар Какеев дүйнө салды

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 572 | 0

Мурдагы Билим берүү, илим жана маданият министри, академик Аскар Какеев дүйнө салды. Бул тууралуу учурдагы Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына билдирү калтырды.

«Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кездерде Билим берүү, илим жана маданият министри (1993-2000) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп жазган министр.

Аскар Какеев 1935-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

1958–1960-жылы Ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1960–1963-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда аспирант, 1963-жылдан ошол эле институтта илимий кызматкер, 1968-жылдан Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институнун философия кафедрасынын башчысы, 1980-1984-жылдары ушул эле институтта партия комитетинин катчысы болуп эмгектенген.

1984–1988-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына орун басар, 1989-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун (1992-жылдан Философия институту) директору болгон.

1992-1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси – мамлекеттик катчы, 1993-2000-жылдары Билим берүү, илим жана маданият министри, бир эле учурда Президенттин кеңешчиси, 2000-2005-жылдары Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматтарын аркалаган. 2005-жылдан тарта Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде дарс окуп келген.

Кыргыздын илимий иштери кыргыз элинин философиялык ой-пикир, тарыхын изилдөөгө арналган. 40тан ашуун илимий эмгеги (ошондой эле 5 монография) бар. «Ардак Белгиси» ордени, III даражадагы «Манас» ордени жана бир катар медалдар менен сыйланган. Кыргыз Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги, академик.

Copyright © 2017 Maral FM