Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында билим берүү боюнча мыйзамдарды инвентаризациялоо каралууда

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 433 | 0

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаарында Билим берүү жана илим жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол болуп жатат. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигин жетекчилиги, жогорку окуу жайлардын ректорлору, билим берүү жаатындагы эксперттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Тегерек үстөлгө онлайн катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева билим берүү тармагындагы мыйзамдардын ичинде карама-каршылыктар бар экенин, анын натыйжасында соттук териштирүүлөргө чейин алып барган учурлар болгонун белгиледи.

«Билим берүү тармагындагы мыйзамдарды оптималдаштырып, кайрадан карап чыгып, кошумча-алымча киргизүү керек. Билим берүүдө дүйнөнүн талаптарына жооп берген мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл деп ойлойм», — деди Бакашова.

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагындагы эксперттер жана юристтерден турган топ менен биргеликте мугалимдердин статусу, мектепке чейин билим берүү, мектеп окуучуларына тамак уюштуруу сыяктуу бир катар мыйзамдарды карап чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM