Биз менен байланышыңыз

Алимент: эске алуучу жагдайлар

Коом | 30 Сен 2021 | 1247 | 0

 

Кыргызстандагы акыркы статистикаларга таянсак, өлкөдө 42 миңден ашык аталар балдарына алимент төлөөдөн баш тартып же качып жүрүшөт. Бул орто эсеп менен 70 миңден ашык бала атасынын каржылык камкордугунан кур калган дегенди түшүндүрөт. Каарманыбыз Бишкектин тургуну, Айгүл Жуманова (аты-жөнү өзгөртүлдү) мындан бир канча жыл мурун жолдошу менен эки айрылыш жолго түшкөн. Ал майыптыгы бар уулун жалгыз тарбиялайт. Ал алимент үчүн сотко кайрылганда, уулунун атасы айлыгын расмий маалыматта аз көрсөтүп, айына болгон 1016 сом гана төлөй турган болгон. Бирок аны да бир жыл дегенде араң алган. Айгүл Жуманова алиментти өндүрүүдө сот аткаруучулардын да начар иштегенин баса белгилеп, ошентсе да ажырашкан энелерди балдарынын укугу үчүн күрөшүүгө чакырат:

“Көпчүлүк мага ошонун миң сомун эмне кыласың, албай эле койбойсуңбу дейт. Мен бул пикирге кошулбайм. Кийин бала чоңойгондо, мен сени өзүм жалгыз бактым деп милдет кылып отуруунун кереги жок. Бала эч качан өзү каалап төрөлбөйт. Ал эки чоң адамдын каалоосу менен төрөлдү. Демек ата баланын тарбиясына катышпаса да, анын өсүүсүнө каржылык колдоо көрсөтүүсү зарыл. Бул баланын алдындагы милдет болуп саналат”.

Ал эми айыл жергесинде алимент тууралуу ажырашкан кыз-келиндердин арасында маалыматтын жетишсиздиги негизги көйгөй. Алар көпчүлүк учурда алимент өндүрүүнүн жол-жоболорун билбегендиктен, юристтин кеңешине муктаж. Кадамжай районунун Жал айылынын тургуну Каныкей Кудайбердиева (аты-жөнү өзгөртүлдү) турмушка чыкканда никесин расмий каттаткан эмес. Мындан улам экөө эки жолго түшкөндө ортодогу эки кызы үчүн алимент өндүрүүдө кыйынчылыкка кабылган.

“Эки кызым бар. Бир кызымдын күбөлүгүндө атасынын аты жазылган. Экинчиси өзүмдүн фамилияда катталган. Мындан улам экөөнө алимент кестирүү үчүн, кичинекей кызыма аталыгын аныктаган күбөлүк алышым керек. Мына ушунун айынан алимент ала албай жүрөм”

Жарандык актылар боюнча укуктук жардам көрсөтүп келген юрист Жаныл Алымкул кызы жубайлар расмий никеде турбаса да, балага алимент өндүрүүгө болот деп билдирди. Бул ата-эне менен баланын ортосундагы милдет жана укуктарга кирет. Ал үчүн баланын күбөлүгүндө атасынын аты көрсөтүлгөнү жетиштүү. Ал эми атасы экени аныкталбаган учурда кандай чара көрүү керектигин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

“Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасынын аты жазылбаса, жөн гана сызыкча турса, анда алгач баланын атасынын аталыгын аныктап алуу керек. Бул мыйзамда эки жол менен ишке ашырылат:

-Үй-бүлө кодексинин 51-беренесине ылайык, эгер ата макул болсо, анда баланын апасы менен жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө чогуу барып кайрылышы керек.

-Эгерде баланы атасы танып же чанып жатса, анда аталыгын аныктоо сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Бул Үй-бүлө кодексинин 52-беренесинин негизинде ишке ашат.

 -социалдык далилдер (туугандары, кошуналарынын көрсөтмөлөрү ж.б )

-биологиялык далилдер (ДНК тест аркылуу аныктоо)

Мындан сырткары юрист алимент сот тарабынан белгиленип, бирок ата же эне аны төлөөдөн качкан учурда мыйзам кандай иштей турганын да айтып берди.

-Карызкордун үй-мүлкүнө, банктагы эсебине арест коюлат

-Өлкөдөн чыгып кетүүсүнө чектөө коюлат

-Карызкордун арест коюлган мүлкү белгиленген мыйзамдардын негизине сатыкка чыгарылып, андан түшкөн каражаттан алимент төлөнөт.

-Эгер карызкордун эч кандай мүлкү жок болсо, бирок бир канча убакыттан кийин анда мүлк пайда болсо, ага да дароо арест коюлат.

Кыргызстанда алимент маселесинде акысыз жана ыкчам түрдө укуктук, юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиз жана акысыз кызмат көрсөтүүлөр жокко эсе, — дейт бир канча жыл алимент өндүрүү бонча кыз-келиндерге юридикалык жардам көрсөткөн адвокат Фатима Якупбаева. Ал мындан улам, аялдардын убактысын, акчасын үнөмдөөсү үчүн Телеграм мессенжеринде “Милдет” деген чат-ботту ишке киргизген. Бул Кыргызстандагы алгачкы юридикалык онлайн-сервистердин бири болуп, анда автоматташтырылган система колдонуучуларга кыргыз жана орус тилинде жооп берет.

“Мен бул чат-ботту так ушул аялдар үчүн түзүп чыктым. Анткени алар алимент боюнча суроолоруна жооп алуу үчүн юристке барып жолугушу керек. Алардын убактысы, акчасы кетет. Онлайн платформа жалгыз бой аялдардын бул иштерин дароо женилдетип автоматтык түрдө 2 мүнөттө жооп берет. Ал жерде арыз ж.б документтерди дароо кагазга чыгарса болот. Учурда Телеграмдагы бул платформадан 1500 дөй адам колдонду»

Учурда Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган «Теңдик нуру» Демилгеси ишке ашырылууда. Аялдардын укуктарын коргоо жаатында жигердүү иш алып барып жатат. Бул демилгенин өзгөчөлүгү зомбулук маселесин чечүүгө комплекстүү иш алып баруу, башкача айтканда зомбулуктун өзү менен эле эмес, анын түпкү себеби менен дагы күрөшүү. Учурда “Тендик нуру” демилгеси «Милдет» деп аталган Телеграм-бот тууралуу жана алимент боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрду эл ичинде кенен жайылтуу маалымдоо багытында иштеп жатат.

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун 0770459117 номерине кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет. Ошондой эле Кыргызстан боюнча 31 Акысыз юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин ukuk-jardam.gov.kg сайтынан тапсанар болот.

Белгилей кетсек, 2020-жылы «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларын өзгөртүү тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Аны парламенттеги 19 аял депутат демилгелеп чыккан. Демилгечилердин бири депутат Айсулуу Мамашованын айтымында, бул мыйзамдын жетишкендиги алименттин минималдуу суммасын көтөрүү болгон. Ал эми анын ишке ашуусу боюнча иштер жай жылып жатканын айтат. Алимент боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөр тууралуу БУУнун жана Европа биримдигинин «Теңдик нуру» демилгесинин алкагында аялдарга жана кыздарга 16 күндүк маалыматтык кампания жүргүзмөкчү. Аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жетишкендиги төмөнкүлөр болуп саналат:

-Мурун алименттин көлөмү ата же эненин айлыгынын 20% деп белгиленсе, азыр эн аз алименттин көлөмү 1800 сом деп так көрсөтүлгөн.

-Баланы чет өлкөгө дарыланууга, саякатка же спорттук иш-чарага алып барууда атасынын уруксат кагазы сөзсүз керек болчу, жаңы өзгөртүүдө 10 жаштан ашкан баланын жеке каалоосу менен сот чечим чыгарса болот.

-Буга чейин алимент төлөбөй жүргөн карызкордун чет өлкөгө чыгуусуна сот гана бөгөт койсо, азыр сот аткаруучу да бөгөт кое алат.

-Алимент төлөөдөн кыянаттык менен качуу беренеси мурунку мыйзамда мөөнөтү так эмес болсо,  жаңы өзгөртүүлөрдө  үч айдан ашык катары менен жана жалпы бир жылдан ашык төлөбөй койгон учурда деп так көрсөтүлгөн.

Өлкөдө алимент төлөөгө милдеттүү ата-энелердин 92%ы аталар болсо, 8%ы энелер. Ал эми өлкөдө жылына 10 миндей үй-бүлө ажырашат. Анда көпчүлүк учурда балдар энелери менен калып, алимент өндүрүүгө муктаж аялдардын катмары жылдан жылга өсүп барат.

Copyright © 2017 Maral FM