Биз менен байланышыңыз

Ата-энелердин баш оорусу. Балдарды каякка эс алдырабыз?

Коом | 29 мая 2019 | 650 | 0

Мамлекет тарабынан балдар үчүн атайын лагерлер ачылып жатат. Мектептерде жыл сайын 7 жаштан 14 жашка чейинки окуучулар үчүн эс алуу борборлору уюштурулууда. Жылдагыга караганда быйыл балдардын эс алуучу жайлары көп ачылып, программалар жаңыртылды. Дегеле өлкөдө балдар үчүн кандай эс алуу комплекстери иштейт жана кандай негизде иш алып барышат? Эс алуу жайлардын баасы канча? Бул суроолор боюнча атайын иликтөө жүргүздүк. 

Окуу жылы аяктап калганда, ата-энелердин оюнда, «Баламды каякка алып барып эс алдырсам?» — деген суроо пайда болот. Бөтөнчө жумушта иштегендер балдарына ишеничтүү жана убактысын туура өткөрө турган эс алуу жайларды издеп башташат. Мындан улам, Билим берүү жана илим министрлиги жылыга мектептерде лагерь уюштурууда. Анда бир айга жакын эртең мененки саат сегизден, түшкү экиге чейин окуучулар тарбиячылардын карамагында болот. Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүзел Турдубаева быйыл мамлекеттик бюджеттен окуучу башына 44 сомдон бөлүнгөнүн билдирди. Лагерде балдар үчүн атайын программалар иштелип чыккан, аны менен катар коопсуздук да дыкат каралат. Турдубаеванын айтымында, Бишкектен тышкары, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына да социалдык абалы начар жана мыкты окуган окуучулар үчүн бекер жолдомо берилет.

— Ар бир балага 44 сомдон бөлүндү. Үч маал тамагы берилет. 3-июндан баштап, 28-июнга чейин окуп жаткан мектептерге лагерге барышат. Бишкектин 37 мектебине эс алуу борбору ачылып, текшерүүдөн өтүп жатат. Аталган убакыт аралыгында көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп, өлкөнүн тарыхый-маданий жайлары менен таанышат. Ал эми Көлгө да балдарды бекер жиберебиз. Учурда тендер жарыяланган, жыйынтыгы чыкса, начар жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жакшы окугандар үчүн 10 күндүк лагерь сунушталат.

Ал эми Ысык-Көлдөгү «Жетиген» лагеринин 10 күндүк эс алуу жолдомосу 16 миң сом турат. Бул сумманын ичинде коопсуздук, балдар үчүн атайын заманбап программалар, 4 маал тамагы кошо камтылат. Бул тууралуу аталган лагердин администратору Айжан Осмонбаева маалымат берди.

— 9 жаштан 16 жашка чейинки балдарды лагерге алабыз. Баасы — 16 миң сом. Анын ичинде 4 маал тамагы бар. Ар бир келген тайпаны ар башка программа менен тосуп алып эс алдырабыз. Эң ириде чыгармачылык багыт каралат. Бул боюнча чыгармачыл адамдар келип, атайын чеберчилик сабактарын өтүп турушат. Балдардын коопсуздугу өтө күчтүү каралган. Бардык жакта, каридорлордо байкоочу камералар бар. Сырттан чоочун адамдар кирбейт. 24 саат бою көзөмөлдөөчүлөр иш алып барат. Педиатрлар, медайымдар да 24 саат иштеп, көзөмөлгө алып турушат.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашеванын пикиринде, бүгүнкү күндө мамлекеттик лагерлер азайып, жеке менчик эс алуу борборлору көбөйүп барат. Бул кадамдар жакшы болгону менен карапайым калк үчүн — кымбат. Мамашева: «Өспүрүмдөрдү оюн-зоокко көп ыктатпай, башкача ыкмалар менен билим тармагына кызыктырса», — дейт.

— Азыр мамлекеттик лагерлердин көбүнүн эскилиги жетти. Балдар жаткан керебеттер, буюмдар эски. Коопсуздук анча каралбайт. Ал эми менчик эс алуу борборлору жыл санап өсүүдө. Бирок баасы — кымбат. Бир үй-бүлөдө бир гана бала барып эс албайт да. Кээ бириники экиден, кээ бириники үчтөн, ал тургай, беш баласын тең эс алдырууга туура келип калат. Анча балага жолдомо алып берүү кыйын. Жаш балдар менен иштөөдө көп нерсе кооптуу. Бирөөнүн баласын карап, мүнөзүнө жараша мамиле жасаш керек. Ал жактары да эске алынышы зарыл.

Бишкек шаарынын тургундары балдарын лагерге жибереби? Биз бул суроолорду жергиликтүүлөргө узатып, жооп алдык.

— Менин эки кыз, бир уулум бар. Кыздарым мектепте окуйт. Бирок аларды лагерге жибере албайм. Кыз баланын ата-энесинен оолак болушу, азыркы заманда кооптуу эле. Анын үстүнө, ал жакта көп баланын арасынан каралбай деле калат. Ошон үчүн чоң ата-чоң эне, таята-таенесиникине эле жиберебиз.

— Ал жак кымбат да. Асмандын башы. Ага биздин чамабыз жетпейт. Балдарыбыз барууну каалашат, бирок чөнтөк жука.

— Мен неберелеримди жылыга жиберем. Баарыбыз жумушта болгондуктан, балдар каралбай калат. Бишкек ысык, чиркей чагып жүдөтөт. Ошон үчүн эс алууга жиберип иебиз.

— Мектептеги лагерге жибергенге сааты туура келбейт. Дегеним, биз эртең менен жумушка баратып таштасак, алар түштө ал жактан чыгышы керек экен да. Ошон үчүн биз жумуштан эмгекөргүү алганга чейин, үйгө эле камап кетип жатабыз.

Бишкектин ичинде жана шаардын чет жагында жайгашкан балдар лагерлеринин баасы — 4 жарым миң сомдон 12 миң сомго чейин. Анын ичинде 4 маал тамагы, ар кандай оюн-зоок программалары камтылган. Ал эми Ысык-Көл облусунда балдардын 10дон ашуун жайкы лагери бар. Баалары 6 миң сомдон башталып, шарттарына жараша жогорулап кете берет. Англис тилдүү жайкы лагерлердин баасы беркилерге салыштырмалуу кыйла кымбат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM