Биз менен байланышыңыз

Мамашова: ЖКдан алган тажрыйбаны башка жерден ала албайсың

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 605 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова “Марал” радиосуна берген маегинде саясатка караганда бизнесте жүрүү жеңил экенин билдирди.

«ЖКда мандат алган соң өзүмө ишенбей жүрүп, акырындык менен көнүп баштадым. Бирок өзүмдү саясатчы деп атабайм. Анткени саясатчы болуу үчүн көп тажрыйба керек. Саясатта, өзгөчө ЖКда алган тажрыйбаны эч жерден ала албайсың. Ата Мекен фракциясына келгениме абдан ыраазымын. Анткени аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев бизге эркиндик берди. Кандай маселе болсо да өзүң чечесиң», — дейт Мамашова.

Ал мыйзам чыгаруу абдан оор жана жоопкерчиликтүү жумуш деп эсептейт.

«Андыктан кесиптештерим чыгарган ар бир мыйзамды кылдат окууга аракет кылам. Депутаттарда бир гана кеңешчи бар. Биз мыйзамдарды көзөмөлдөп, ошол эле учурда жер-жерлерде шайлоочулар менен иштешибиз керек башкача айтканда жумуш көп. Тажрыйбалуу юристтерди штатка алууга мүмкүнчүлүк жок. Отуруп алып эле мыйзам жаза бергенди туура көрбөйм. Алардын санына карганда сапатына көп маани берем», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM