Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдөгү оор абалдарга парламенттин түздөн-түз тиешеси бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Дек 2020 | 965 | 0

Өлкөдөгү экономикалык, социалдык оор абалдарга парламенттин түздөн-түз тиешеси бар. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент саясий эркинин жоктугунан коррупцияланган президенттердин жана алардын шопурларынын айтканынан чыга албай жүрүп, элге мүшкүл жарата турган бир топ чечимдерди кабыл алды. Алсак, Кытайга болгон карызды төлөөдө мамлекет чоң кыйынчылыкка учуроодо. Эл өкүлдөрү айрым мыйзамдарды ратификациялоодо толук талдабай туруп, шашылыш чечим чыгарышты.

Акматов Жогорку Кеңеш жергиликтүү юристтердин, эл аралык уюмдардын эскертүүлөрүн эске албай, мөөнөтү бүткөнүнө карабай иштеп жатканын сындады.

«Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоорун даярдап жатат. Бул жаңы кабыл алына турган Башмыйзамдын легитимдүүлүгү чоң суроо жаратат. Ал эми парламенттин жеке ишине коомчулук өзү баа берди. Парламент бийлик бутактарындагы ордун талкалаган, сапаттык жактан абдан жаман, саясий эрки жок болуп калды», — дейт журналист.

Copyright © 2017 Maral FM