29-январда «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилери жекеме-жеке жолукту. Анда тараптар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын ишин кайра баштоону макулдашты. Ошондой эле Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде карала турган болду. 2021-жылдын май айында кол койгон №39 протоколду жүзөгө ашыруу кимге пайда, кимге зыян? Жолдун статусун аныктоодо эмнелерге көңүл бурулушу керек? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы 27-январдагы жаңжалдан кийин (Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин тажик тараптын бууп салышы) 29-январда «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандын жана Тажикстандын Атайын кызматынын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Анда Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына бара турган жолдун мамлекеттик макамын аныктап, жолду куруу маселеси каралмай болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын пикиринде, жолду курууга уруксат берүү маселеси жакынкы күндөрү кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинде каралат.
«Ворухка кеткен жол бүгүнкү күндө Ак-Сай айылы менен өтөт. Андан кийин Бакай конушу тарабынан өтө турган жол салынган. Бирок ал жакта да үйлөр курулуп, керектүү болбой калды. Ошондуктан ал жерде 40 миңдей адам жашагандан кийин жолду берүүгө милдеттүү болобуз. Ворухка кете турган жолдун макамын мамлекеттик келишим менен аныктоо боюнча №39 протоколдо жазылган. Муну тез аранын ичинде ишке ашыруу керек, ал жолду ким курат, кайсы тарапка карайт, кандай болот, баары мамлекеттик келишим менен аныкталышы керек. Комиссия иш алып барат, мында айрыкча Тышкы иштер министрлигинин милдети чоң болот. Жолдун статусу аныкталгандан кийин курула баштайт».
2021-жылдын 28-29-30-апрелинде тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Кыргызстан чоң жоготууга учураган. 36 адам курман болуп, 154 адам жаракат алган. Мындан сырткары 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылган.
Мына ошол апрелдеги кол салуудан кийин 1-майда эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында №39 протокол түзүлгөн. Бул протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын тажик тарап расмий кабарлаган. Дал ушул №39 протокол коомчулукта кызуу талкууга алынууда.
1-майда кол коюлган протоколдун Кыргызстан үчүн эң опурталдуу тарабын жана тажиктердин максатын журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов мындайча түшүндүрдү.
«№39 протоколдун Кыргызстан үчүн эң опурталдуу жагы тажик тарап протоколдун негизинде Ворух-Кожо Аьлого коридор алууну көздөйт. Бул — алардын эң башкы жана стратегиялык максаты. Алар салына турган жолдун да статусу өзүнчө келишимдин негизинде аныктала турганын айтып, Кожалы менен Ворухтун ортосундагы жерди талаш жер катары сыпатташкан. «Баткен облусу факт жүзүндө ээлеп турган жердин статусу өзүнчө аныкталат, тажик тарап курат» деп жазышкан. Ал жерде Кыргызстандын эгемендигине күмөн туудурган бир нече жагдайлар бар. Бул протокол аркылуу тажик тарап Ворухту анклав кылуудан куткарат. Бирок Кыргызстан үчүн опурталдуу жагы: Лейлек жана Баткен районунун кээ бир айылдарын жана Сүлүктү шаарын анклавга айлантып алуу абдан күчөйт».
Бул маселе Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн коркунуч туудурган жагдай экенин эксперттер буга чейин да эскертишип, «Кыргызстан өзү Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Тажикстандын Ворух анклавын туташтыруучу жолду куруп берет, тажик тарап ал жерден каттоо гана укугуна ээ болот» деген сунуш киргизишкен.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү тараптардын катышуусунда жабык жыйын өткөрдү. Анда кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуялар жана №39 протокол талкууланары буга чейин айтылган. Жыйын туурасында комитеттин мүчөсү, депутат Нуржигит Кадырбековго кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартты.
Көп өтпөй комитеттин төрагасы Жанар Акаев жабык эшик артында өткөн жыйында каралган маселе боюнча пикирин «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.
«Соңку учурда интернет желелеринде Баткендеги чек ара чыры талкууланып, анын ичинде «Ворухка коридор ачылат экен, Лейлек анклавда калат экен» деген кабатырлануулар болуп жатат. Бүгүн эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет жабык эшик артында жыйын өткөрдүк. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев жана башка тиешелүү жетекчилер катышты. Жыйында айтылгандай, эч кандай Ворухка коридор берилбейт; Лейлек анклав болбойт; ал жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Буга кабатырланууга эч кандай негиз жок. Анткени кайсы бир протокол ишке кириши үчүн эки өлкө ортосунда келишим болот, ал келишим боюнча процедура болгон жок. Ошондой эле ага эки өлкөнүн президенти кол коёт. Эки өлкөнүн президенти макулдашууну терең изилдеп, анализдеп чыгып, кол койгондон кийин ишке ашат. Бирок президенттердин кол коюу ниетин уккан жокпуз. Ошондуктан Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген эч кандай иш-аракет болбойт деп мен ишендирип кетем».
2021-жылдын май айында кол койгон №39 протоколго кийинчерээк кенен токтолобуз.