Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарын (ЭТТК-ЭТТН) жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процесс жөнөкөйлөтүлөрүн билдирди.
ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденерин кошумчалады.
Ал ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү жана салыктын ачыктыгын жогорулатуу боюнча натыйжалуу ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Адылбек Касымалиев ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды.
Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов парламенттин тармактык комитетинин 23-декабрдагы жыйынында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) беш багытка калтырып, калганын бошотуу керектигин айткан.
Анын пикиринде, ЭТТН бүгүнкү күндө терең анализ жасалбай, бир топ кемчиликтер менен ишке кирип калган. Ошондуктан Шыкмаматов аны бюджетти түзгөн товарлардын беш түрүнө калтырып, калганына ЭТТНди жоюу керек деп эсептейт.
Шыкмаматов бул чакан жана орто бизнеске чоң колдоо болорун билдирген.
Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТНдин иштешине тыкыр талдоо жүргүзүүнү жана бул механизмди ири товарларга гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырганын айткан.