Биз менен байланышыңыз

2021-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

Блог , Коом | 1 Янв 2021 | 8772 | 0
Фото: Fahri Tarhan

Быйыл кыргызстандыктар жылдагыдан да башкача өзгөрүүлөрдү күтүп турган чагы. Анткени адегенде эле 2021-жыл президенттик шайлоо, мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум менен башталганы турат. Ошондой эле коомдук, маданий, саламаттыкты сактоо тармактарында да бир катар өзгөрүүлөр болору айтылууда. Биз сиздерге 2021-жылы боло турган өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар тууралуу баяндап беребиз:

Автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү акысы 34 %га арзандайт

1-январдан тартып автоунааны каттоого алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызмат баасы арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Унаа» ишканасы акча төлөнүүчү кызматтардын акысын орточо эсеп менен 34 %га төмөндөтөт. Баалардын өзгөрүүсү төмөнкү сүрөттө:

Салык отчеттору электрондук түрдө гана кабыл алына баштайт

1-январдан тарта уюмдар жана жеке ишкерлер салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө өтөт. Мамлекеттик салык кызматы салык отчетун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон жарандарды квалификациялуу электрондук кол тамганы алдын ала сатып алууга чакырат.

Электрондук кол тамганы электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аккредитациядан өткөн операторлорунан (Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком», «Dostek», «Ubr») алууга болот.

Кеңири маалыматты 1240 номерине чалып билесиз же www.sti.gov.kg сайтынан табасыз.

Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам күчүнө кирет

1-январдан тарта күчүнө кире турган бул мыйзамда экономикага зыян келтиргенин мойнуна алып, анын ордун өз ыктыяры менен толтурган жаранга коомдун мамилесин өзгөртүү максаты коюлган. Мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин Экономика министрлиги билдирген.

Мыйзам боюнча Жазык кодексинин 15-беренесине өзгөртүү киргизилип, чыгымды төлөп бергендер камакка алынбайт, салык төлөөдөн качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр сыяктуу иштер экономикалык кылмыш деп эсептелет. Мыйзамсыз байыгандар байлыгын ачыкка чыгарып, экономикалык мунапыс алууга ушул жылдын 31-декабрына чейин мүмкүнчүлүк берилет.

Президенттик шайлоо өтөт, өлкөнү башкаруу формасы тандалат

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Ошол эле күнү кыргызстандыктар өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга катышат. Анда элдин тандоосуна президенттик башкаруу жана парламенттик башкаруу сунушталган.

Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду ишке кирет

Январдын аягында кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлүп, ишкерлерди каржылоосун баштайт. Фонддун уставдык капиталы — 50 млн доллар.

Буга чейин эки өлкө «Каржылык кызматташтык жөнүндө» макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү, бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган болчу.

Пенсияга 7 % кошулат

2021-жылы пенсия 7 %га көтөрүлөт. Бул үчүн мамлекеттик казынадан 3 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

Өлкөнүн бюджети кыскарат

2021-жыл экономисттердин божомолу боюнча Кыргызстан үчүн экономикалык жактан оор жылдардын бири болмокчу. Парламентте да 2021-жылдын бюджетин кыскартуу сунушталган. Ага ылайык, мамлекеттик чыгашаны 171 млрд сомдон 162 млрд сомго түшүрүү каралган. Бул сумма пенсия, жөлөк пул, айлык ж.б. социалдык керектөөлөр үчүн колдонулат.

Бир да тармакта маяна көтөрүлбөйт

2021-жылы экономикадагы инфляция жогору болору айтылганы менен, бир да тармакта маяна көтөрүлбөйт. Анткени өлкө бюджетинде өтө чоң тартыштык бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынындагы талкуу учурунда айтылды.

Эл каттоо өтөт

Март же апрель айында эл каттоо жана турак-жайды каттоо башталат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдаган.

Мекеме бул каттону 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарда 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин жүргүзмөк. Бирок COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт

1-апрелден тарта жалпы жарандык паспорттун жаңы үлгүсү берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлаган.

Жаңы паспорттордо коопсуздук тутуму өркүндөтүлгөн. Жалпы жарандык паспортту алуунун жалпы наркы миң сомго барышы мүмкүн. Жаңы паспорттун жасалуу наркы 402 сомду түзгөн 34 беттик жана 470 сомду түзгөн 50 беттик 2 варианты бар.

Бул паспорт — заманбап талапка ылайык өркүндөтүлгөн паспорттордун бири. Электрондук паспорттордун башкы артыкчылыгы — 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтеринин колдонушу, жана паспорттун мукабасында электрондук чиптин болуусу. Материалды жасоодо жана жеке маалыматтарды түшүрүүдө лазердик технологиялар колдонулган.

«Жетим-Тоо» темир кени ишке кирет

Улуттук долбоор деп аталган «Жетим-Тоо» темир кенин мамлекет быйыл ишке киргизүүнү пландаган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев маалымдаган.

«Жетим-Тоо» кени темирдин запасынын көлөмү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. 6 аймактан турган кендин узундугу 40 чакырымга созулуп, жалпысынан 3 млрд 344 тонна темирдин запасы бар.

Долбоордун башталышына болжолдуу сарпталуучу 200-300 млн долларлык каражатты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан жана Евразия өнүктүрүү банкынан алуу пландалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт

Августта (болжол менен) 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Оюндар Изник көлүнүн жээгинде — шаарды алууга катышкан кыргыздардын элесине арналган мемориал жайгашкан аймакта уюштурулат.

2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунда 3800 метр тунель казылып бүтөт

Казарман — Жалал-Абад жолуна 3800 метрлик тунель казуу каралган. Казуу иштери 2021-жылдын сентябрында аякташы күтүлүүдө.

-2021-жылдын аягына чейин долбоордун I жана II фазасы толук бойдон ишке ашырылат. Бул деген Арал — Казарман, Казарман — Жалал-Абад тилкелери. Учурда Азия өнүктүрүү банкынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен III фаза жасалып жатат. Быйыл масштабдуу иштер башталат. 2023-жылы жолдун 408-чакырымга чейинки бөлүгүндө кыймыл башталат. Ал эми 408-430-чакырымга чейинки жолду каржылоо маселеси толук чечиле элек. Аны чечүү аракети жүрүүдө, — дейт Сарыбагышев.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолу 2014-жылы башталган. Учурда негизги куруучу  катары кытайлык «Чайна Роуд» компаниясы ишти жүргүзүүдө. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM