Биз менен байланышыңыз

Ата-энесин карабагандардан алимент алуу сунушталууда

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 1888 | 0

Ата-энесин карылар үйүнө калтырган же карабай койгондор үчүн алимент төлөтүү сунушталууда. Үй-бүлөлүк кодексте бул мыйзам каралган. Бирок ал аткарылбай жатат. Бул тууралуу Социалдык кызматтарды камсыздоо фондунун координатору Жамила Мадалбекова “Маралга” берген маегинде айтып, бул боюнча учурда нормативдер каралып жатканын белгиледи.

Ал карылардын узак жашоосуна төмөнкү факторлор таасир эте турганын кошумчалады:

-Толук кандуу тамактануу;

-Уйкуну кандыруу;

-Нике куруп, бактылуу үй-бүлөдө жашоо;

-Эмгекке, жасаган жумушуна болгон сүйүүсү;

-Спорт менен машыгуу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашы 65тен жогору 700 миңдей жаран бар.

Copyright © 2017 Maral FM