Биз менен байланышыңыз

Телефонго жакын балдар оюн так айта албай кыйналышат

Блог | 11 Сен 2019 | 3119 | 0

Уюлдук телефон өзү турган жерди 1 градуска ысыта алат. Демек кайсыл органга жакын алып жүрсөк, ошол орган ысып чыгат. Окумуштуулар балдарга анализ жүргүзүшкөн. Анда 54 балага уюлдук телефон берет да, 50 баланы таза абага лагерге жөнөтөт. 5 күндөн кийинки тажрыйба көрсөткөндөй, телефон менен ойногон балдырдын кабыл алуучу басаңдап, ден соолугу начарлай баштаган. Андан сырткары, сезимдерин айта албай, жанындагы адамдарды жакшы түшүнүп баалай албай калышканы байкалган. Европада 8 жашка чейинки балдарга телефон жана кичинекейлерге телефон форматындагы оюнчуктарды сатып берүүгө тыюу салынган.

Кош бойлуу аялдардын көп телефон колдонгону төрөлгөн баланын жүрүм-турумунан байкалат. Окумуштуулардын изилдөсүнө ылайык, уюлдук телефонду көп колдонгон апалардан гипер активдүү наристелер төрөлөт. Андыктан телефонду эрежелери менен колдонуш керек. Телефон балдар үчүн оюнчук катары эсептелип калды. Жакшы окуп, бир нерсеге жетишсе эле ата-энесинин телефон алып беришин талап кылышат. Бирок кымбат нерсени деле берээрдин алдында ойлонуш керек. Баланын ден соолугу маанилүүбү же алардын көңүлүбү? Балага телефонду туура колдонууну үйрөтүш керек. Коопсуздук эрежелерин айтып, кайсы убакта колдонуу зарыл экенин белгилеп берген оң. Кийизден жазалган капчыктар телефондун нурлануусун азайтат.

Баланы телефон жокто да алаксытканбыз. Ата-энелер унаада баратып балдары менен оозеки  оюндарды ойноп, табышмак айтып, ырдашсын. Өспүрүмдөр ата-энеси менен убакыт өткөргөндү абдан жакшы көрүшөт. “Тынч отурсун” деп колуна телефон кармата коюу менен өзүбүзгө кошумча көйгөй арттырабыз. Ошондуктан, ата-эне балдары менен сүйлөшкөндү адатка айлантса. Ата-эненин мээримине тойбогон балдар дароо байкалат. Балага телефон менен көп болсо 3-4 мүнөттө гана сүйлөшүүгө үйрөтүш керек. Аны да мүмкүн болсо таза абада колдонушсун. Анткени бөлмө канчалык тар болсо нурлануунун күчү ошончолук жогору болот. Балдар уюлдук телефонду жөн гана байланыш үчүн колдонуучу каражат деп билиши зарыл. Ал үчүн алага жаштайынан айтып, ошол көз карашты калыптантыш керек. Бала бой жеткенде өзү маани берип калат. Телефонго көнүп калган баланын мүнөзү да бузулат.

Ата-эне менен бала чогуу убакыт өткөрүп, көп сүйлөшсө бала мамилеге ачык болот. Мындайда ал депрессияга түшпөй өз оюн ата-энесине эркин айтууга үйрөнөт. Колдон келсе жаратылышка чыгып, эс алышсын. Балар ата-энеси менен болгондо өзгөчө бактылуу болушат.

Балдар үчүн жакшы белек – китеп. Өспүрүмдөрдүн китепке болгон кызыгуусун арттырыш үчүн кичинекейинен жомок окуп берип, ой жүгүртүүгө көндүрүш керек. Бул анын аң-сезимине да зор таасир берет. Баладан мурда ата-эне менен иштеш керек. Уюлдук телефондун терс жактарын балдарга улам эскертип турган оң. Жөнөкөй телефонду колдонушсун. Кымбат баалуу телефон көтөрүп жүрсө жолдон уурулар да тоноп кетиши мүмкүн. Ата-энелер күнүмдүк иштерин туура пландаса балдарын көзөмөлдөй алышат. Чоңдор ашып кетсе 2 саат телефон колдонсун. Кичинекейлерге бул көрсөткүч эки эсе аз болушу керек. Өспүрүмдөр мультфильмдерди 15 мүнөт гана көрүшсүн. Техника турган бөлмөнү бат-баттан желдетип туруш керек. Электрондук китептер ыңгайлуу болгону менен ал да нурланууну бөлүп чыгарат.

Айталы, балада бир күндө 6 сабагы болсо, ал 4-5 саат электрондук китепсени карап отурса көзүнө зыян да. Кадимки китептен өтөөр окуу куралы жок.

Бир нерсеге көз каранды болуп калуу чоң өнөкөт болуп эсептелет. Андыктан баланы да бир нерсеге кызыктыраарда анын кесепетин жана пайдасын кошо ойлонуш керек. Бала телефонго көз каранды болуп калганга жеткирбеш керек. Ага кызыккан бала сабагына маани бербей калат. Эртерээк тапшырмаларын бүтүрүп, ойногону ашыгат. Балдарды ар кандай ийримдерге жиберип, башка балдар менен аралаштыруу зарыл. Ошондо өзгөрө башташат. Алгач, телефонду ата-эне өзү таштасын. Болбосо балдар аларды үлгү алат. Балдардын көңүлүн спортко, интеллектуалдык оюндарга бурган маанилүү. Ата-энелер жеткинчектердин ден соолугуна маани беришсин. Тетиктерди туура колонуу маданиятын өздөштүрүшсө жакшы.

 «Ата-эне сааты» программасында логопед, психолог Асел Аманова баяндап берген. Берүүнү Айзат Үсөнгул кызы алып барган.

Copyright © 2017 Maral FM