Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү карап жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Янв 2019 | 739 | 0

Кээде балдар мектепте мугалимдери, үйдө ата-энеси же башка бирөөлөр тарабынан моралдык зомбулукка кабылып калууда. Мындан улам бардык мектептерди «Зордук-зомбулуксуз мектеп» аталышында долбоор иштеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоор биринчи кезекте балдарга бири-бирине толеранттуу мамиле жасоого үйрөтөт. Толеранттуу бала ата-эне болгондо да өзүнүн балдарына моралдык жактан зомбулук көрсөтпөйт.

«Алгач мугалимдер толеранттуу болушу зарыл. Ал үчүн өкмөт мугалим жана тарбиячыларды шыктандыруу максатында сентябрь айынан тарта алардын айлык акысын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. Мектептеги социалдык педагогдордун баары  тилекке каршы психолог эмес. Ошондуктан квалификациялык жактан окуучуларга жардам бере албашы мүмкүн. Мындан улам  мектептерде иш планга татыктуу ата-эне болуу боюнча лекцияларды киргизип жатабыз. Ата-эне бир эки лекция уккан соң балдарга туура мамиле жасоону үйрөнөт», — дейт Өмүрбекова.

Ал буга кошумча, окуу жайларда психологдордун санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

«Алар балдарга алдын ала жардам берүүгө аракет жасашы зарыл. Балдар үчүн он чакты ролик жасалды. Ар бир мектепте ишеним кутучаларын ачып жатабыз. Зордук-зомбулук көргөн бала кутуга анонимдүү түрдө кат жазып калтырса болот», — дейт вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM