Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүгө инвестицияны аябоо керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 826 | 0

Билим берүүгө инвестицияны аябоо керек. Билим берүүнү өнүктүрүү менен өлкөнү да өнүктүрүүгө болот. Мындай пикирин Казакстандагы Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Шаматов мугалимдерди көрүнгөн адам жемелерин айтып, бул кесиптин кадыр-баркы түшүп кеткенине кейиди. Мугалимди даярдоодо башынан баштоо зарылчылыгын белгилеп, ал үчүн окутуучулук кесиптин баркын, маянасын көтөрүү зарылчылыгына токтолду.

«ЖОЖдор башкача ой жүгүртүп, учурда бизге кандай мугалим керектигин анализдеши кажет. Алсак, университеттерге келген абитуриеттердин сапаты ойлонтот. ЖРТдан аз балл алган окуучулар педагогика багытына аргасыздан келип жатат. Буга кошумча бул жаатта билим берген университеттерде ири реформалар ишке ашпай калды. Алар дүйнөлүк тажрыйбага таянып, окуу программасын өзгөртүп, заманга керектүү адистерди даярдашы керек. Кыргызстанда аракеттер бар, бирок системалуулук жок. Баары бир багытта жүрбөйт», — дейт Шаматов.

Ал белгилегендей, азыркы шартта мугалим кесипкөй болуп, үйрөтүүдө заманбап усулдарды колдоно билиши зарыл. Буга кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүп, жаңы технологияларды жакшы өздөштүрүшү шарт.

«Пандемия мугалимдердин коомдогу ордун көрсөтүп, ролун жогорулатты. Мурда мугалимдерге «кирди-чыкты» мамиле жасалып келсе, азыр кесипкөй окутуучуларды ата-энелер да баалай баштады. Кыргызстан пандемияга байланыштуу окуучу, студенттердин билим деңгээли боюнча анализ жүргүзө элек. Билим сапатынын деңгээли боюнча жеке адамдардын, ата-энелердин субъективдүү пикири менен гана чектелип калуудабыз. Статистикалык анализ жүргүзүлө элек», — дейт профессор.

Copyright © 2017 Maral FM