Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттерге экинчи дем. Кышкы кабыл алуу ноябрда башталат

Билим-маданият | 20 Окт 2022 | 3214 | 0

Кыргызстанда биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат. Ага жалпы орто билими бар жарандар катыша алат. Тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Өлкө аймагында алгачкы ирет жогорку окуу жай жана коллеждерге кышкы кабыл алуу болот. Ага карата Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жыл сайын май айында өткөрүп келген жалпы республикалык тестирлөөнү ноябрь айына белгиледи. Азыркы учурда тестирлөөгө катышуу үчүн арыздар алынып, ал 28-октябрга чейин уланат. Бул тууралуу аталган борбор Билим берүү жана илим минстрлиги менен биргеликте уюштурган маалымат жыйында айтылды.

Кышкы кабыл алуу үчүн тестирлөөгө мектеп окуучулары, жогорку курстун студенттери, жана коллеж, лицейлердин окуучуларынан башка бардык жарандар катыша алат.

Абитуриенттерди каттоо жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында жүргүзүлүп жатат.

Аталган борбордун директору Чынар Батракеева тестирлөөгө катталуу үчүн абитуриент орто билимин тастыктаган аттестат же кесиптик орто билимин тастыктаган дипломдун түп нускасы, электрондук сүрөтү жана тестирлөөнүн акысын төлөгөн квитанциясы менен билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылышы керектигин айтты.

Ал документтерин тапшырып жаткан жарандарга өзүнүн телефон номурун туруктуу көтөрүп жүрүшү зарылдыгын кошумчалап, анын себебин мындай түшүндүрдү:

-Ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү жооптуу адамдар катталган абитуриенттерге логин жана сыр сөз берет. Анын логини катары телефон номуру көрсөтүлөт. Бул эмне үчүн керек? Анткени, бизге түшкөн маалыматтардын баарын Билим берүү жана илим минстрлигине өткөрүп беребиз. Бул абитуриент кийин окуу жайга тапшырып жаткан учурда жогорку окуу жайлардын кабыл алуу платформасында системага кирүүгө болот. Ошондуктан, иштеп жаткан телефон номурун кабыл алуу жараяны бүткөнгө чейин алмаштырбай тургандай болушу керек.

Буга чейин Министрлер кабинети жогорку билим алууга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында ЖОЖдорго окуу жылында эки ирет кабыл алуу механизмин иштеп чыгып, атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, экинчи жолку кабыл алууда дагы кыргызстандык жана чет элдик жарандар контракттык негизде тапшыра алат.

Билим берүү жана илим минстрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы экинчи жолку кабыл алууда бюджеттик орундар каралбаганын айтып, ага өкмөттүн атайын кабыл алган токтомун жүйө келтирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекеттик бюджеттен каралган 6 миң гранттык орун окуу жылынын башында кабыл алган учурда толтурулат.

“Жылына эки жолу кабыл алуу механизми Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген. Ошол жерде жободо жазылып турат, кышкы кабыл алуу конрактык формада гана жүргүзүлөт. Анткени, гранттык орундар толук окуу жылына берилет. Тагыраак айтканда, бизге 6 миң гранттык орун окуу жылына гана каралган”, — деди Асан кызы.

Башкача айтканда, окуу жылынын экинчи жарымына гранттык орундар азырынча карала элек. Бюджеттик орунга тапшырууну көздөгөн абитуриенттер окуу жылынын аякташын күтүшү керек.

Министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев университеттер жыл башында толбой калган бөлүмдөрдү кышкы кабыл алууда толтурууну көздөйт деген пикирди четке какты. Ал бул механизм жайкы кабыл алууда тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн зор мүмкүнчүлүк экенин айтты.

“Бул жерде университет жайкы кабыл алууда бөлүмдөрүн толтуралбай калды деген пикир жок. Биз белгилеп өтүшүбүз керек, жайындагы тестирлөөдөн абитуриенттердин 50 пайызы гана босого баллдан өткөн. Калган 50 пайызы кулап калган. Бул ошол кулап калгандар үчүн жана өзүнүн алган баллына канааттанбаган балдар үчүн өтө зор мүмкүнчүлүк. Алар дагы бир ирет күчүн сынап көрүп, өздөрү каалаган багытка тапшырса болот”, — деди Найманбаев.

Бирок, Найманбаев айткандай абитуриенттер бул жолу жогорку балл менен бардык эле университетке каалаган багытына тапшыра албайт. Анткени окуу жайлардын кайсы бөлүмүндө бош орундар бар болсо, ошолорго гана кабыл алат. Министрлик окууга тапшырып жаткандарга алгач кайсы университетте бош орун бардыгын жана кайсы бөлүмдө ваканттар каралганын аныктап, таанышып чыгуусун сунуштады.

Кышкы жалпы республикалык тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт. Анын негизинде Кыргызстандагы 48 жогорку окуу жайы кышкы кабыл алуу өткөрүү ниетин билдирип, министрликке кайрылган.

Кыргызстандын жогорку окуу жайлары абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде кабыл алат. Ага жыл сайын өлкө боюнча 40 миңден ашуун абитуриент катышат. Расмий статистикага ылайык, ЖРТнын жыйынтыгы 2021-жылы орто эсеп менен 120,5 баллды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM