Connect with us

Оюн айта албаган, өзүнө ишенбеген балдарды тарбиялап жатабыз

Блог | 26 Июн 2019 | 3556 | 0

Биринчи кызымды Түркиянын Стамбул шаарында, ал эми экинчи кызымды Эстониянын борбору Таллинде төрөдүм. Бул макаланы жазуудан мурун эң алгач ойлонгон нерсем: «Кайсы бирин айтайын?!» — болду окшойт. Анткени, биздин өлкөбүздөгү медициналык тейлөөдөн тартып ата-эненин баласына берген тарбиясына чейин өтө чоң кемчиликтер бар экендигин апа болгондон кийин даана байкай алдым.

«Көлөкөлөп көңүл ачарым,

Берекелеп жарпым жазарым,

Бал татыган балдыр тили бар,

Балам бактым, балам базарым», — демекчи, бала — үйгө бакыт алып келген жашоонун маңызы, бала — ичиңди кытыгылаган бакыттын себепкери, бала — тоону томкорууга стимул берген керемет! Эң негизгиси, бала — бул, келечек! Балалуу болгондон кийин адамзаттын бул дүйнөгө келүү миссиясын түшүнгөндөй болдум окшойт. Бирок, биздин өлкөдө бала жаран катары кандай мааниге ээ? Биздин менталитетте баланын орду кайсы жерде? Мисалга алып карасак, 1 жылдан бери мен жашаган Таллинде документинин бар же жок экендигине карабай, балдар үчүн жана 3 жашка чейин балдарды алып жүргөн чоңдор үчүн коомдук транспорт бекер, ар бир расмий же коммерциялык мекемелерде балдар үчүн бөлмөлөр же эч эле болбоду дегенде, атайын оюн бурчтары бар. Эгер расмий түрдө документиң болсо, жарандар менен катар төрөт үйүндө акысыз төрөп, андан сырткары, үй-бүлөнүн материалдык абалына карабай, балага 18 жашка дейре ай сайын жөлөк пул аласың. 18 жашка чейин медициналык тейлөө жана билим берүү акысыз. Шаардын ичиндеги көчөлөрдө, мекемелердин кире беришинде коляскалар үчүн ыңгайлуу жолдор орнотулган. Жогоруда мамлекеттин балдар үчүн түзгөн шарттарынан азыноолак кеп салган менен мен ата-эне жана бала жөнүндө айткым келип турат.

Ар кимдин балалуу болуудагы максаты ар башка, ага эч ким аралаша албайт. Кээ бири: «Күйөөм таштап кетпесе экен», — деп, кээ бири: «Боюмда болуп калыптыр, эми төрөй берейин», — деп, кээ бири: «Карыганда жалгыз калбайын», — деп төрөйт. Канткен менен адамзаттын табиятында балалуу болуп, тукум улоо жатат. Бирок, зээнди кейиткен нерсе — биздин менталитетте баланын орду өтө төмөн, баланын сөз укугу, тандоо укугу жок! «Өзүм төрөгөм, эмне кылсам өзүм билем», — деген сөздөрдү угуп эле жүрөбүз. Жаман ой менен эмес, «Бизде дагы ушундай болсо гана?» — деген жакшы тилек менен салыштырып, төмөндө тизмектедим. Аз да болсо жакшы жактарын өздөштүрө алсак — биз үчүн чон жетишкендик болор эле.

1) Бул жакта мен байкаган эң негизги фактор — «эптеп эле балалуу болуу» эмес, балалуу болууга чоң жоопкерчилик менен карашкандыгы болду. Алгач, балалуу болуу үчүн ден соолугун чыңдашат, жашоо-шартын балага ылайыкташтырат, кыскача айтканда, өздөрүн моралдык жана материалдык жактан даярдашат. Андан сырткары, аборттун көбөйбөшү үчүн мектептерден тарта контрацепция, жыныстык катнаш жөнүндөгү сабактардын өтүлүшү — маанилүү нерсе!

2) Түрктөр айткандай, бала — башыбыздагы таажы. Бала сүйлөп жатканда кунт коюп угуп, суроосуна жооп берип, капа кылып алса, кечирим сурап, баланын тандоосуна сый мамиле жасаганды ушул жактан көрдүм. Бизде кандай? «Чоңдор сүйлөп жатканда сүйлөбө!», «Чоңдор отурган жакка кирбе!», «Бутка илешпей ары тур!» деген сөздөр кулагыма сиңип калгандай. Андан сырткары, «Элдин баласын кара?!» — сыяктуу салыштыруу менен биргеликте басынткандарды да көп уктум. Андай сөздөр менен чоңойгон бала өз оюн ачык айта албаган, өзүнө өзү ишенбеген, публикага чыгып сүйлөй албаган, толгон-токой кемчилиги бар адамга айланат. Баланын да инсан экенин унутпай, мамиле кылганды үйрөнсөк эң сонун болор эле.

3) Баланын ден соолугу түздөн-түз ата-энеге байланыштуу. Бизде айылдагы балдар кароосуз көчөдө көп жүрүшөт, ал эми шаарда, өзгөчө көп кабаттуу үйдө жашагандар балдарын эшикке өздөрү каалаганда же бош болгондо алып чыгышат. Бул жакта кычыраган кыштын суугунда да, жайдын аптабында да, бирок эң негизгиси туура убакта баланы 2-3 саатка эшикке алып чыгып сейилдетүү, ойнотуу — ата-эненин милдети сыяктуу. Андан сырткары, кичинесинен туура тамактанууга үйрөтүшөт. Бала кошумча тамакка өткөндөн тартып, педиатр баланын организмине ылайык азыктарды айтып отурат. Анча-мынча беришсе береттир, бирок, көчөдө бала ыйлап баштаса, колуна таттуу карматып алдай салгандарды дээрлик көрбөдүм. Туура убакта сейилдөө жана туура тамактануу — баланын иммунитетин чыңдаган эң негизги эки фактор катары саналат эмеспи.

4) Айтсамбы-айтпасамбы, жазсамбы-жазбасамбы деп жатып, акырында бул оюмду да айтууну туура көрдүм. Мамлекеттин иш орду камсыздабай жарандарына көңүл кош мамиле кылгандагысыбы же ата-эненин аргасыздыгыбы, кайдыгерлигиби? Айтор, балдарын таштап чет өлкөлөп кетүү биз үчүн көнүмүш болуп калган сыяктуу. Айтсаң, «Биз жыргаганыбыздан кетип жатабызбы?» — дешет, бирок, карап турсаң тапкан акчалары той-топурга, машинеге, кыскача айтканда, элге өздөрүн көрсөтүү үчүн коротулат.

Эмнеси болсо да, баланын балалыгын колунан тартып алууга акыбыз барбы? Бала ата-энесинин жанында, алардын мээрими, сүйүүсү менен өзүн бала сезет. Чет өлкөдө иштеп келип заңгыратып салган там, акыркы үлгүдөгү машине же 40 күн 40 түн өткөргөн той балаңызды балалыгына кайтара алабы? Бул жакта да анча-мынча бар чыгар, бирок, негизинен алып караганда, «Баласын таанып-тааныбаган курбусуна таштап кетиптир», — деген сөздү угуп таң калышса керек.

Мамлекеттин мүчүлүштүгү көп , бирок, мамлекетти коюп алгач өзүбүзгө караганды үйрөнсөк жакшы болмок. Ата-эне өз баласына кайдыгер мамиле кылып жаткан соң, башка бирөө келип сүймөк беле?! Келиңиз, замандашым, балдарыбызга бактылуу балалык тартуулайлы!

P.S. Асель Кутманбекованын Инстаграм баракчасына катталып, эне жана баланын ден соолугу тууралуу кызыктуу маалыматтарды окусаңыз болот: @ene_jana_nariste

 

Асель Кутманбекова

Copyright © 2017 Maral FM