Биз менен байланышыңыз

Айыл жеринде зомбулук көргөн карылардын саны көп

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2020 | 1097 | 1

2050-жылы дүйнөнүн жалпы жашоочуларынын 25%ын 65 жаштан жогоркулар түзүп калат. Мындай көйгөй Жер шарынын бардык өлкөсүндө орун алат. Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун координатору Жамила Мадалбекованын айтымында, калкынын 7 пайызын 65 жаштан жогорку курактагылар түзгөн өлкө “карып бара жаткан мамлекет” катары саналат. Кыргызстан азырынча ал чекке жете элек, ал курактагылар жалпы кыргызстандыктардын 4 пайызын гана түзөт.

Өлкөдө улгайган адамдар тууралуу 2017-жылы изилдөө жүргүзүлүп, ага 4000 адам катышкан. Ошого ылайык, карылардын көйгөйлөрү төмөнкүдөй тизмектелген:

-Карылардын 25% толук кандуу тамактанбайт. Буга алардын каражатынын жетишсиздиги себеп;

-Ал эми спорт менен машыккандары да аябай аз, болгону 4,5% түзөт. Ага да каржылык жетишсиздик себеп;

-Андан тышкары таң калтырган фактор− карыларга карата жасалган зордук-зомбулук, басмырлоо да башкы көйгөйлөрдүн катарында. Мындай окуялар шаар жерлерине караганда караганда, айылда 2 эсе көп катталат. Кыйноолор бир гана физикалык эмес, экономикалык, моралдык жол менен да жасалат. Буга мисал катары пенсиясын тартып алуу, үйдөн кууп чыгуу, орой мамиле жасоону айтса болот.

Андан тышкары карылар менен акылдашкандар да азайып бара жатканын баса белгилөөгө болот. Аларга көңүл буруп, сый-тамак берип, кайсы бир иштерде кеңешин сурагандардын саны суюлуп бара жатат. Ошонун арты менен карылардын коомдогу аброю төмөндөгөнү сурамжылоолордон байкалат.

-Улгайган адамдардын 74-75% жумушка орношууда ар кандай басмырлоого дуушар болуп жатышат. Алардын жашын сурап, көбүнчө кабыл ала беришпейт. Ал эми алардын 40% медициналык жардам көрсөтүүдө жетиштуү көңүл бурулбаганын айтышкан. Ошол себептүү бул 6 жылдык программанын алкагында медицина кызматкерлерин атайын окутуудан өткөрүүнү пландап жатабыз.

Белгилей кетсек, “Бактылуу карылыкты азыр камсызда” программасы жана карыларга кам көрүү боюнча долбоор 6 жылга белгиленген.   

1 пикир

1 пикир

  1. Dzhunushbek@mail.ru

    16.02.2020 19:36

    Спорттун стол теннисин суйуучу кары адамдар Каракол шаарында бар, алды 84 жашта Тургазы Бекенбаев, 78 жашта Ионов Александр Зосимович, 75 жашта Касымов Жакшылык, 70 жаштагылар Келгенбай Уулу Ильяз, Шамыралиев Болот, Мамыров Зарылбек жана башка. Мен Тыныбеков Жунушбек 67 жашта Жана дагы башкалар бар, бирок Шаарыбызда акча толоп кирип ойнойлу десек зал жок. Обл гор спорт комитеттерден суранып жатып жылына бир гана жолу мелдеш откортуп жатабыз Спорттун ушул турун онуктурсок жана баардык адамга жайылтсак жакшы болот эле. Кандай комок корсото аласыздар?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM