Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Чет өлкөдөгү алтындарды ишкерлерди колдоого жумшоо керек

Кыска кабар | 30 Дек 2020 | 775 | 0

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров Кыргызстандын бир учурундагы туура эмес саясатынан улам зыян тарткан учурларды санады. Анда бир маалда ИДӨнүн 38%ын түзгөн айыл чарба үлүшү 11%га, 28%ын түзгөн өнөр жай тармагы азыр «Кумтөрдү» кошпогондо, 11 пайызга түшкөнүн айтты. Кыргызстан азыр товар өндүрүүчү эмес, кызмат көрсөтүү, товар алуу менен алек болуп калганын да белгиледи.

— Азыр биз 80 пайыз импорт менен жашап жатабыз. Күнүмдүк жашообуз үчүн жылына 450 млрд сом жумшайбыз. Ошонун 80 %ын чет өлкөлүктөрдүн эсебине салып жатабыз. Улуттук банк бүгүнкү күндө сомдун курсуна гана жооптуу милдет менен чектелсе, маселе дагы узара берет. Ошол үчүн ал мекеме тууралуу мыйзамды кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени Кыргызстандын алтын запасы башка өлкөлөрдө 0,1% менен сакталып турганда, чет өлкөлүк инвесторлор келип, 16-18-20 пайыз менен элдин чөнтөгүн кагып кетип жатат. Ошол үчүн Кыргызстан ал байлыгын импорт үчүн эмес, ата мекендик өндүрүштү кыймылдаткан ишкерлер үчүн жумшашы керек.

Ал өз сөзүндө ишкердик тармагына укук коргоо органдары да тоскоолдук кылып жатканын айтып, бул боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгуу зарылдыгын айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн 30-декабрда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүүдө. Ага Равшан Жээнбеков, Бабур Тольбаев, Улукбек Кочкоров, Абдил Сегизбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асановдор катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM