Connect with us

Кыргызстанда жумушсуздардын саны өсүүдө

Коом | 28 Окт 2021 | 1748 | 0

Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4%га өстү. 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз деп катталган. Мындай көрсөткүчтөрдүн себеби катары инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетүүсү, пандемиядан кийинки кризис жана айрымдардын ишке жөндөмү жоктугу айтылып келет. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин жергиликтүү сайттарга берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталган. Тактап айтканда, облус боюнча 22 миң 195 адамдын туруктуу иши жок, бул калктын 1,79%ын түзөт. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда катталган. Облус боюнча 2 миң 877 адам, тагыраагы, жалпы калктын 0,9%ы жумушсуз экени аныкталган. Эске салсак, Жалал-Абад облусунда 2019-жылы да жумушсуздук күч алып, бир иш орунга 1592 адам туура келген.

Расмий маалыматка караганда, жалпы өлкө боюнча туруктуу иши жоктордун саны калктын 5,8%ын түзөт, мунун ичинен 46%ы аялдар.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев расмий түрдө жумушсуздук канча пайызга өскөнү боюнча маалыматы жок экенин, азырынча министрлик жумушсуздук боюнча так анализ жүргүзө электигин билдирди.

«Улуттук статистика комитетинин маалыматы менен эле ЖМКлар берип жатса керек. Так канчага өскөнүн Статкомдон сураш керек. Биз ал боюнча азырынча так анализ жүргүзө элекпиз. Жумушсуздук албетте байкалып эле жатат, жумуш издегендер көп. Бир четинен карасаң, жумуш деле бар. Биздин жумуш менен камсыз кылуу башкармалыгыбыз бар, ошолордо жумуш деле бар, бирок айлык аз болгондуктан кээ бирлери барышпайт, кээ бири барып жатат. Мындай карасаң, тигүүчүлөр көп, жумушчу күчтөр көп, мезгилдик жумуштар көп. Ал эми мамлекеттик кызматтарда вакансия аз. Жумушсуздуктун өсүүсүнө пандемияда пайда болгон кризиске туруштук бере албай көп ишканалар жабылып кеткени да таасир этти. Бирок азыр ишканалар кичине болсо да жандана баштады, эми коңшу өлкөлөр менен болгон чек аралар ачылса, ишканалар кайра иштеп баштайт».

Нурдөөлөт Базарбаев ошондой эле жумушсуздукту жоюу үчүн министрлик биринчи кезекте жарандарды кесиптик жактан билим берүүгө аракет кыла турганын кошумчалады.

Өлкөдөгү рынок экономикасы менен кирген «мамлекет эч нерсеге милдеттүү эмес» деген түшүнүктү жоюп, саясатты өзгөртүү керектигин мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров белгиледи.

Анын айтымында, инвестициялык климатты жакшыртууга, аны менен кошо ишкерлерге жакшы шарт, калкка иш орун түзүүгө мамлекет түздөн-түз милдеттүү.

«Мамлекет: «Биз рынок экономикасындабыз, ар ким өз арабасын өзү тартышы керек», — дебестен, мындай маселелерди чечүүнү өз мойнуна алышы керек. Тилекке каршы, 30 жылдан бери Кыргызстандын жүргүзгөн саясаты: «Биз жерди бөлүп бердик, завод-фабрикаларды таратып ийдик, эми өзүңөр калганын кылгыла», — деп элдин өзүнө жүктү таштап койгон. Ошол эле мурдагы ири ишканалар бөлүнүп жок болду, жумуш орундардын баары талкаланды. Расмий статистикага карай турган болсок, биздин товар өндүрүүчү тармактарыбыз жылдан жылга ИДПнын түзүмүндө үлүшү төмөндөп баратат. Өз убагында өнөр жай ИДПнын 28%ын түзгөн болсо, учурда 10-12%ды түзбөй жатат. Айыл чарба 38 пайызга чыккан болсо, азыр 10%дын тегерегин гана көрсөтүп жатат. Бул товар өндүрүүчү жумуш орундардын жок болгонун, Кыргызстанда 30 жылдан бери жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын туура эместигин көрсөтүп жатат». 

Жумушсуздук боюнча статистикалык маалыматтар так эмес жана бул чөйрөдөгү реалдуу көйгөйдү көрсөтпөйт. Себеби жоболорго ылайык, Кыргызстанда 5 сотых үлүш жери болсо, ал жумушсуз деп эсептелбейт. Жаран өзүн-өзү камсыз кылуучулардын катарын толуктап, расмий жумушсуздардын катарынан чыгарылат. Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн маалымат жыйында Кыргызстанда быйыл 8 айда 353 чакан ишкана ачылып, жалпы 42 миң 776 жумуш орун түзүлгөнүн билдирген.

40 миңдей жумуш орду түзүлүп, инвесторлор келиши үчүн көп фактор керек. Тилекке каршы, андай нерселер көрүнбөй эле турат. 2021-жылы Кыргызстандан сыртка чыккан түз инвестициялардын көлөмү 700 млн доллар болгонун серепчи Нурбек Муктар билдирди.

«Жыл башында биздин экономикабыз 9 пайыз артка кеткен. Жылдын аягына чейин 1%дын айланасында болушу керек, тактап айтканда, жылдын ортосунда минус 5% артка кеттик. Жаңы ишканалар түзүлгөнүнө бир аз шектенип жатам. Анткени Кыргызстандын ичинде саясий туруксуздук болуп жатпайбы? 45 миң жумуш орундун түзүлүшү — шектүү маалымат. Себеби, Улуттук статистика комитети жумушсуздук 3,5%га көйбөйдү деп айтып чыкпадыбы. Президент 40 миңден ашуун жумушчу орун түздүк деп айтып жатат, ал эми президенттин алдында иштеген Статком жумушсуздук көбөйдү деп айтып жатат. Маалыматтар бир-бирине төп келбейт. Ойлонуп турам, президент шайлоо алдында элге көптөгөн убадаларды айтууда. Мен аны шайлоого даярдык катары гана көрдүм. Анткени экономика өнүгүшү үчүн саясий туруктуулук керек. Жумуш орду түзүлүп, инвесторлор келиши үчүн көп фактор керек. Тилекке каршы, андай нерселер горизонтто көрүнбөй эле турат. Чек аралар толук ачыла элек, саясий туруксуздук болууда. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстандан сыртка чыккан түз инвестициялардын көлөмү 700 млн доллар болду. Бул — абдан чоң сумма. Кыргызстандын инвестиция сальдосунда минус 400 млн доллар дегенди түшүндүрөт».

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда август жана сентябрь айында расмий жумушсуз деп катталгандардын саны 80 миңден 104 миңге өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстанда ишсиз деп катталбаган, бирок жумушу жоктордун саны андан 10 эсе көп. Ал эми 300 сомду түзгөн жумушсуздуктун жөлөк пулун болгону 123 киши гана алат. Аны алуу үчүн паспорт, билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керектелет.

Copyright © 2017 Maral FM